Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

ФРАНЦИЯ ЕВРОПАНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫН КОЛДОГОН ЖОК


Бюллеттендердин 95 проценти саналгандан кийин шайлоого катышкандардын 55 проценти орток Конституцияга каршы чыкканы маалым болду. Экзит-полл же добуш берип чыккан адамдарды сурамжылоо да шайлоочулардын 55 проценти Евросоюздун башмыйзамына “жок” деп жооп беришкенин көрсөткөн болчу.

Өлкө президенти Жак Ширак бүгүн түнү элге жасаган телекайрылуусунда добуш берүүнүн жыйынтыгы “Француздардын Европадагы кызыкчылыгын коргоодо кыйынчылыктарды жаратаарын”, бирок ал шайлоочулардын эркин урматтаарын билдирди:

- Урматтуу мекендештер, сиздер бул дебат учурунда өз тынчсызданууңуздарды жана үмүтүңүздөрдү билдирдиңиздер. Мен буга жооп кылып өкмөттүн аракетине жаңы жана күчтүү түрткү бермекчимин. Жакынкы күндөрү мен өкмөт жана анын башкы милдеттери жөнүндө өз бүтүмүмдү жарыялайм.

Франция биримдикке мүчө өлкөлөрдөн биринчи болуп, конституция боюнча жалпы элдик референдум өткөрдү. Буга чейин тогуз өлкө башмыйзамды ырасмий түрдө жактады. Жакынкы күндөрү дагы сегиз өлкөдө, анын ичинде шаршемби күнү Нидерландияда референдум өтөт. Сурамжылоолорго караганда, нидерландар Евробиримдиктин конституциясына “жок” деп, аны четке кагышы мүмкүн.

Башмыйзам күчүнө кириш үчүн аны Евробиримдикке мүчө 25 өлкө колдошу абзел. Франциядагы добуш берүүнүн жыйынтыгын уккан Еврокомиссиянын президенти Хосе Мануэль Барросо Евробиримдик катаал учурга кабылганын айтып, бирок “кыйынчылыкка түз карайбыз” деди.

Евросоюздун конституциясынын каршыларынын пикиринде, башмыйзам рынок экономикасынын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, калктын социалдык абалына жетерлик көңүл бурбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG