Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

ЖОГОРКУ СОТТУН ИМАРАТЫ БОШОТУЛДУ


22-апрелден бери парламенттик шайлоого нааразы шайлоочулар тобу тарабына ээленип турган Жогорку соттун имараты 1-июнь күнү бошотулду. Имараттын бошотулушуна өздөрүн элдик кошундун өкүлдөрүбүз деп атаган жоон топ адамдардын нааразы тарапка койгон талаптары себеп болду. Окуя эки тараптын кагылуушсу менен аяктады.

Жогорку соттун имаратын бошотуу аракеттери саат он бир чамалаш башталып, имараттын бошотууга үч жолу аракет жасалды. Мындай сүрмө аракеттер эки тарапты өз ара кагылуушуга алып келди. Натыйжада имаратты ээлеп турган атуулдарды экинчи тарап күч менен кууп чыгып, таратып жиберишти. Бул окуядан улам сот иамаратынын кире беришиндеги эшик-терезелердин айнектери талкаланып, айрым адамдар жаракат алышты. Байкоочулардын баамында бул иш чарага аралашкан адамдардын саны 500-700дүн тегерегинде болду.

Учурда соттун имараты Улуттук гвардиянын аскерлери менен Бишкек ички иштер кызматынын кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынып турат.

Сүрөттө: Имаратты бошотуу учурунан бир көрүнүш

XS
SM
MD
LG