Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

ӨЗБЕКСТАНДЫН СОХ АНКЛАВЫНА ЧЕКТЕШ КЫРГЫЗ АЙЫЛДАРЫНЫН КАЛКЫ КООПТУУ ЖАГДАЙГА ТУШУКТУ


Сабыр Абдымомунов, Баткен Бир айдан бери Баткендин Кыштут айыл өкмөтүнө караштуу Согмент, Чарбак, Газ айылдары менен кошуна Хушяр өзбек айылынын ортосунда пикир келишпестик курчуп келатат. Буга чейин арыздашуунун негизи жер, суу, жол болуп келсе, акыркы күндөрдө эл арасында пикир келишпестиктердин туулушуна башка себептер бар экени айтылууда.

Өзбек айылдарында бөтөн адамдардын пайда болуусу, кооптонууну арттырып бараткандыгы тууралуу Баткендин Согмент айылынын тургуну Акылбек Матраимов төмөндөгүлөргө токтолду:

- Кошуналарга ишенбай да калдык. Себеби жолдорду бүгүн ачса, эртең кайра жаап коюп атат. Биз өзүбүздүн Согменттен Айгүлташ аркылуу Баткенге келүүчү жол менен каттоого мажбур болуп атабыз. Бул жол өтө жөнөкөй ыкма менен салынгандыктан өтө опурталдуу. Анткени тар, автобус катоого мүмкүн эмес, жеңил унаалар гана араң каттайт. Бүгүнкү күндө биздин кошуналардын бизге карата жасаган мамилеси кандайдыр бир башка күчтөрдүн таасири астында болуп аткандай сезилип атат. Себеби Хушярдын ичинде жүргөн элдин арасында хушярдык эмес адамдар пайда болду. Алар элдин арасында кандайдыр бир үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгы бизге белгилүү болуп атат. Себеби сакалчан, кепка, комуфляж кийген адамдардын сүрөтү тартылган календарларды таркатып, кандайдыр бир башка иш менен алектенип жатышкан окшойт. Биз ушундай маалыматтар так чындыкка коошобу, же коошпойбу, тактай элекпиз. Бирок ушундай башка күчтөр Хушярдын элин бизге каршы үгүттөп аткандай.

Мындай кооптуу адамдар тууралуу имиш кептер, чектеш айылдарда эле эмес Баткендин өзүндө да айтылып жүрөт. Бул тууралуу облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев буларга токтолду:

- Чарбак, Согмент айылы менен биз дайыма байланышып турабыз. Ошол жердеги айыл өкмөтү, айыл башчы, чегарачылардан маалымат алып, элдин коопсуздугун сактап турабыз. Анча-мынча, коопсуз адамдар, комуфляж кийип алган чоочун адамдар газета, календарь таратып атат деген ушактар пайда болду эле. Бирок ал маалымат жалган болуп чыкты. Себеби Хушяр айылында биздин адамдарыбыз бар, алардын көпчүлүгүнөн сурасак андай адамдарды көрбөптүр.

Баары тынч, баары көзөмөлдө деген менен күн өткөн сайын Кыштут айыл өкмөтүнүн тургундарынын тиричилиги кыйындап баратат. Сөз кайрадан Согмент айылынын тургуну Акылбек Матраимовдо:

- Биздин Хушяр кыштагы аркылуу өткөн жол менен баруучу Кошдөбө деген жерде 50 гектарга жакын үлүш жерибиз бар. Биздин эл ар түрдүү эгиндерди эгип, жаз башталгандан бери эмгектенип келе жатышкан болчу. Бирок жолдорду тосуп койгондуктан биздин эл Кошдөбөгө өтө албай калдык. Ушул убакыттан пайдаланып тажик кошуналар малын биздин эгиндин үстүнө жайып, жедирип жатат. Чарбак мектебинен биздин Согменттеги мектепке чейинки аралык 4-5 киломерди түзөт. Мына ушул аралыкты Хушярдын аймагы аркылуу басып өтүүчү окуучулар акыркы күндөрдө мектепке каттай албай калышты. Ал эми мектептин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары тоолорго чыгып, тоолор аркылуу айланып келип жатышат. Бул өтө кооптуу, опурталдуу жол. Тоо менен жүрүш өтө кыйын балдар үчүн. Бүгүн биз аларга ишенсек, алар бүгүн ачып, эртең кайра жолду жаап коюшса, турмуш болбойт. Ошондуктан Газ менен Согменттин эли жаңы жол куруп өзүбүздүн аймак аркылуу Баткенге каттоого аракет кылып жатабыз.

Баткен облусу менен Өзбекстандын Сох анклавнынын чектешкен айылдарынын ортосундагы пикир келишпестикке чын эле жер-суу талашы себеп болуп жатабы же эки элдин ынтымагын бузууга өзбек тарапты шыкактаган башка күчтөр барбы, белгисиз. Жергиликтүү тургундардын айтымында, айтор кошуна эки элдин ымаласы келишпей, пикир келишпестик ырбагандан ырбап барат.

XS
SM
MD
LG