Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

СОТ СИСТЕМАСЫНДА КРИЗИС УЛАНУУДА


Кыргызстанда Жогорку соттун кризиси уланууда. 2-июнда бул чатакты жөнгөрүү боюнча комиссия өз бүтүмүн чыгара алган жок. Ал эми жеңилип калган талапкерлердин тарапкерлери комиссиянын чечимин күтүшүүдө. Алар 1-июндагы чабуулдан кийин Жогорку соттун имаратынын алдына кайра чогулуп, бирок имараттын ичинде эмес, алдында турушууда.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, бирок ар кандай шарттарда жеңилүүгө учураган талапкерлердин күйөрмандары 22-апрелде Жогорку соттун имаратына кирип барышып, соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун кызматтан кетүүсүн талап кыла башташкан. Натыйжада Осмонов кетүү тууралуу арызын жазып, бирок кийинчерээк кайра алып койгон. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев маселени чечүү максатында сот органдарынан жети жана өкмөттүк эмес уюмдардан да жети киши кирген комиссия түзгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов комиссиянын түзүлүшүн мыйзамсыз деп атаган. Ал эми президенттик администрациянын жетекчиси Анарбек Исмаилов ага карата мындай пикирин билдирди:

- Ал негизсиз билдирүү. Анткени комиссия соттордун чечимин кайра карабайт. Комиссияны түзүүнүн максаты президентке сунуш даярдап берүү болду. Андан сырткары соттордун өздөрү комиссия мүчөлөрүн шайлашкан.

Анын айтымында, комиссия негизинен өз ишин жыйынтыктоо алдында турат жана абалдан чыгуу боюнча өз сунуштарын 3-майда жарыялашы ыктымал.

Комиссиянын сунушун күтүп жаткан Токтогул районунан келген Майрам Мамбеталиева буларды билдирди:

-Биз комиссиядан биздин маселелерге туура баа беришин күтүп жатабыз. Туурасын туура десин, туура эмесин туура эмес десин. Калыс баа күтүп жатабыз. Ал эми Жогорку соттун имараты бошогон жок. Мурда кандай кармасак ошол бойдон кармап турабыз. Мына эч кимди киргизген жокпуз. Биз чечимди күтүп жатабыз.

1-июнда Жогорку соттун имаратында болгон окуяларга байланыштуу бейшембиде соттун айланасы милиция кызматкерлери тарабынан катуу кайтарууга алынды. Сот системасындагы кризисти кандай чечүү боюнча коомчулукта орток пикир жок.

«Жаңы багыт» кыймылынын лидери Муратбек Иманалиев кризистен чыгуунун жолу катары муну атады:

- Менин оюм мындай: ошол Жогорку сотту толук таратыш керек. Андан кийин жаңы сотту шайлаш керек.

Ушундай эле маанайдагы пикирин «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалциясынын президенти Эдил Байсалов да билдирди:

- Курманбек Осмонов өз ыктыяры менен кетмейинче Жогорку сотко, жалпы сот системасына ишеним пайда болбойт. Ошондуктан биз мурункудай эле Осмоновдун өз ыктыяры менен кызматтан кетүүсүн талап кылабыз.

Осмонов өз кезегинде бир менин кызматтан кетишим менен маселе чечилбейт экен деп, кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын кайра алып алган. Ал эми Жогорку Кеңеш Жогорку соттун коопсуздугун аткаруу бийлиги камсыз кыла албагандыгын билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG