Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:25

ТАЛООНЧУЛУКТАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕР НААРАЗЫЛЫК БИЛДИРИП ЧЫГЫШТЫ


Азиза Турдуева, Бишкек 2-июнда өкмөт үйүнүн алдына 24-марттан 25-мартка караган түнү талоончулуктан жапа чеккен атуулдар нааразылык чарага чыгышты. Алар өкмөттөн каржылык жардамды талап кылышууда. Пикетчилердин өкүлдөрүн өлкөнүн вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнөв кабыл алды. Жапа чеккен ишкерлер эгерде үч күндүн ичинде алардын талаптары аткарыла баштабаса, ачкачылык жарыялаарын айтышууда.

Нааразылык чарага Бишкек шаарынын «Берекет», «ГОИН» «Дордой - плаза» жана башка соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү чыгышты. Алардын бири, «Мадина» соода борборунда ишкерлик кылган Нагима Анапияева мындай дейт:

- Мен «Мадина» соода борборунда иштечүүмүн. 24-мартта бардык товарларымды уурдатып, эч нерсем жок калдым. Бардык каражатымды соодага салган элем. Эми мен кантип анын баарын ордуна келтирем? Кредит алайын десем, буга чейин эле алгамын. Ал үчүн күрөөгө койууга эч нерсем жок. Өкмөт бизге жардам берсе, жакшы эле болоор эле. Бирок азырынча эч кандай жардам жок. Биз жардам талап кылып келип отурабыз.

Пикетчилер эгерде үч күндүн ичинде аларга өкмөт тарабынан жардам көрсөтүлө баштабаса, ачкачылык акциясына чыга тургандыктары жөнүндө билдиришти:

- Бул жерге биз айлабыз кеткенинен келдик. Эми үч күндүн ичинде өкмөт биздин талаптарыбызды эске алып, жардам көрсөтө баштабаса, ачкачылык акциясын баштайбыз. Биздин арабызда, үйүн күрөөгө коюп кредит алгандар, үйлөрүн банктарга алдырып коюп жаткандар бар. Эл менен ойнобош керек. Азыр биздин эл негизинен соода-сатык менен оокат кылып жатат. Өкмөт бизге жардам бериши керек ,- -деди жапа чеккен ишкер Чолпон Үсөналиева.

24-марттан 25-мартка караган түндөгү талап-тоноолордон жапа чеккен ишкерлерге жардам көрсөтүү боюнча түзүлгөн комиссия учурда өз ишин улантууда. Анын төрагасы Данияр Үсөнөв ишкерлерге жардам көрсөтүү боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

- Азыр биз бюджетке салык төлөп, мыйзам түрүндө катталып иштеп жатып, талоончулукка учураган ишкерлерге жардам көрсөтөбүз. Биздин иликтөөлөрүбүз боюнча көптөгөн ишкана, жеке ишкерлер эч кандай салык төлөбөй, каттоосуз эле иштеп жүрушүптүр да. Азыр өкмөт жапа чеккен ишкерлерге 15 млн. сом бөлүп жатат. АКШ ЮСАИД аркылуу бул иштерге 700 миң доллар бөлгөнү турат. Бишкек мэриясы 700 миң сом бөлөт.

Акыркы маалыматтарга караганда, 24-марттагы талап-тоноочулуктан Бишкектеги ишкерлер 1 млрд. 160 млн. долларга жакын зыян тартышкан. Алардын арасында чет өлкөлүк инвесторлор да бар. Бирок өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, ыңклаптан кийин түзүлгөн татаал кырдаалга карабастан, өлкөдөн чет өлкөлүк инвесторлордун чыгып кетишине жол берилген жок.

Башкы прокуратуранын уюштуруучулук жана камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Сумар Насиза талап-тоноочулук фактылары боюнча «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Жалпысынан талап-тоноочулук фактылары боюнча ички иштер министрлиги тарабынан 748 арыз катталды. Алар боюнча 173 кылмыш иши ачылды. Арыздардын негизинде 700дөн ашуун адам жапа чеккен деп табылды.

Башкы прокуратуранын маалыматтарына караганда, талап-тоноо жолу менен алынган товарлардын ичинен 2 млн. сомго жакын товар ээлерине кайтарылып, 67 адам кылмыш жообуна тартылды.

XS
SM
MD
LG