Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

ТАНАЕВДИН БАЛАСЫ АЛГАН 160 ГЕКТАР ЖЕР КАЙТАРЫЛДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жума күнү болгон Коопсуздук кеңешинде баш калаадагы жер чатагы талкууланган. Анда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жер басып алууну аракет кылып жаткандар күч колдонуу аркылуу эч нерсеге жетишпестигин эскертти. Жыйында мурдагы премьер-министр Николай Танаевдин баласы алган 160 гектар жер кайтарылып алынганы да маалым болду

Коопсуздук кеңештин жыйынында Бишкектин мэри Аскар Салымбеков жер боюнча кырдаалды сүрөттөп берди. Шаар башчысынын айтымында, азырынча жерди ээлеп алгандардан таш түшүргөндөр, үй сала баштагандар жок, бирок бозүй жана чатырларды тигип алып жерди кайтарып атышат. Курманбек Бакиевдин айтымында, мындай учурда жерди басып алды деп айтканга болбойт, алар басып алганга аракет гана болуп жатат.

Коопсуздук кеңеште президенттин милдетин аткаруучунун жер чатагы боюнча жеке позициясы көрүнүп калгандай болду. Ал өкмөт бөлүп берген гана жерлерге кабат үйлөр салынып, айрымдарга жеке үй салганга уруксат берилет деди. Бирок жер басып алганга аракет кылып жүргөндөр күч колдонуу менен каалаган нерсесин жасатып алабыз деп ойлобосун, керек болсо мойнун толгоп койобуз деп кесе айтты:

- Мен катуу жана принципиалдуу түрдө айткым келет. Мындай болбойт. Ушул жерден бирдеме кылып ийем дегендер мойнун сындырып алышат. Айта баргыла, ушундай иштердин уюштуруучулары билип койсун мойнун сындырып алышат. Эгер ушул маселеде атайын башалмандык кылгысы келген адамдар болсо, укук коргоо органдарынан ушул адамдардын маселесин карашын талап кылам.

Аскар Салымбековдун айтымында, топ башылардын тизмеси боюнча жер алам дегендердин саны 90 миңден ашык. Тиешелүү органдарга 41 миң адам документтерин тапшырып, анын 30 миңи жер алууга укуктуу деген уруксат кагазын алышкан. Бирок Аскар Салымбеков госрегистр жери барларга деле жасалма кагаз берип атат деп билдирди. Ал эми жеке ишканалар мынча жыл иштеген деген жалган каттарды берип жатыптыр. Жер алам деп чуркагандардын арасында миңден ашык адамдын Бишкектин чок ортосунда үйү бар экени далилденген.

Вице- премьердин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов билдиргенге караганда, учурда шаарда 657 гектар жер үйгө муктаждарга бөлүнүп бергенге даяр. Ал эми Курманбек Бакиев жер маселесине келгенде өкмөт өз убадасын аткарды деп билдирди. Анын айтымында, үч күн ичинде өкмөт сөзүнө туруп, Сокулуктан 300 гектар жерди чегерип берген. Курманбек Бакиев Аскар Салымбеков менен Медетбек Керимкуловду ушул маселени эмне кылсаңар да аягына чыгаргыла деп тапшырды. Мамлекеттин тигил же бул жериндеги чыңалууну каяктандыр келген сыйкырчылар келип жойбойт, андыктан жакшыраак иштегиле деди.

Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов болсо жер маселесиндеги теңчилик жагдайына көңүл бурууну суранып, бай адамдарга берилип калган канчалаган гектар жерди кайтаруу маселесин көтөрдү:

- Жерге муктаждардын колунда кимдин канча гектар жери бар экендиги жөнүндө тизме бар экен. Ошону көрсөтүп, акыйкаттык каякта деп жатышат. Андай болсо ошолордун жерин кайра алгыла деген талапты айтып атышат. Булардын сөзүндө да чындык бар болуп атпайбы!

Аскар Салымбековдун айтымында, Николай Танаевдин баласына берилген 160 гектар жер кайра алынды. Анын пикиринде, прокуратурага кайрылышса сот аркылуу чечиле турган маселе деген жооп айтылган:

- Андай гектар жерлер бар. Бирок ээлеринин колунда кызыл кагаздары бар экен да. Прокуратурага кайрылсак, сот аркылуу гана чечиле турган маселе дешти. Сотко берип ар бирин териштирип отурганга убакыт аз болуп жатпайбы.

Дастан Сарыгулов мурдагы парламенттин ар бир депутатына да 30 сотыхтан жер берилгенин эскертти:

- Мурдагы чакырылыштагы 105 депутатка ар бирине 30 сотыхтан жер берилген турбайбы. Эл ошону айтып жатышат. Депутаттардын алганы чын болсо, ошону деле артка кайтарсак кандай болот?

Аскар Салымбеков мурдагы парламенттеги депутаттар жер алганын тастыктады, эки палатанын депутаттары ар бири 10 сотыхтан үй курууга деп жер алышкан экен. Бирок бул маселе да сот аркылуу гана чечиле турган маселе экенин эскертти.

Коопсуздук кеңешинде ушундай жер басып алууларды алдын алуу чаралары да каралды. Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов региондордо өндүрүштү көтөрүп, жумушсуздукту жоймойун мындай проблема кайталана берээрин айтты. Мэриянын маалыматы боюнча, учурда мамлекеттик казынадан 10 миллион сом бөлүнүп, Жал кичи районунда үч чоң кабат үйдүн курулушу башталганы турат.

XS
SM
MD
LG