Алтынчы күнү Кремлде Коопсуздук кеңеши өтүп аткан жерде, сыналгынын кыйла каналдар түз тартып көргөзүүсү астында орусиялык энерго тармагынын жетекчилиги аябагандай жемеге алынды. Ал жерде олтурган улуттук энерготармагын башкарган Анатолий Чубайс ооз ача алган жок. Маскөө аймагында энерготармак катуу сындалды. Ошол себептүү Путиндин сынына кабылган «Мосэнерго» компаниясынын жетекчиси Аркадий Евстафьев кызматынан кетүүгө мажбур болду. Советтик кезди эске салган ушул көрүнүштө Анатолий Чубайс эми кызматынан алынабы жокпу арсар. Анализчилер болжолунда «улутчулдар» да солчулдар да жек көргөн Чубайсты кетиргенде алардын шамына май тамызып Кремл аларды колдогон болор эле дешет.
Путиндин эң ачуу сыны «Мосэнерго» жетекчилигине айтылды дедик:
- «Мосэнерго» жетекчилигинин энергия акысын бир нече эсеге көбөйтүү керек деген кебин угуп мен айраң таң калдым. Мындан ары энергетикадагы кырсыктын болбошу үчүн кымбатташы керек имиш! Муну мен тургундар чөнтөгүнөн чогулган каражат эсебинен бирикме же бир гана топтун өз самаганына жетиш үчүн жазалып аткан чагым деп эсептеймин. Өкүмөт башчыга мен «Мосэнерго» жетекчилиги уят сыйыт дегенди билбеген ошондой эле өз кесибине жараксыз киши экенин эскертемин.
Албетте, президенттин оозунан ушундай кеп уккандан кийин Чубайстын жакшы санаалашы Евстафьев ошол эле күнү арыз жазып, кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Сырттан көз салуучулар Ефстафьев айтканга Путиндин эч териге турган жери жок эле дешет. Эмне дегенде андай сунушту энергетика тармагынын жетекчилиги нечен жолу кайталап айткан дешет.
Чубайс жүргүзүп аткан реформага каршы чыккандар президенттин колтугуна суу бүркүп, аны сындатып атат дегендер да бар. Бирок Чубайсты аттан оодара тартуу болбойт, бул жолу ал озунуп Кремл кожоюнунан кечирим сурады дейт. Путинден анын кечирим сурашы чеки болгонун жана ал кандай түрдө болгонун Реn-ТV анализчиси Ольга Романова айтат:
- Ооба, Чубайс маскөөлүктөрдөн кечирим сураса жарашат болуучу. Тула, Калуга обулустар тургундарынын алдында кечирим сураса болмок. Бирок анын кайрылусунан мен «Владимир Владимирович мени кечириңиз!» деген шаанини туйдум.
Баса, Путин кеп баштаганда, маңдайында олтургандарга «компанияны мамлекет акча каражаты менен каржылабай дегенди мага угузбагыла» деп тыйып койгон. Ошондон соң РАО «ЕЭС» салыкты кандай төлөп аткандыгын текшерип чыгуу керек деп буйрук берди. Мурунку жылы компаниянын таза кирешеси 55 миллиард рублей же 2 миллиард долларга жеткен.