Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

ЛИВАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУН ЭКИНЧИСИ АЙЛАМПАСЫ ӨТТҮ


Ливандын түштүгүндө жекшембиде жалпы шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында “Хезболла” тобу менен “Амал” кыймылынын талапкерлери жеңет деп күтүлүүдө. Шайлоонун алгачкы туру баш калаа Бейрутта өтүп, анда Ливандын мурдагы өкмөт башчысы, маркум Рафик Хариринин уулу Саад жетектеген альянс утуп чыккан.

Сириячыл “Хезболла” уюму менен “Амал” кыймылы бул шайлоого бир тизме менен барууну чечишти. Андыктан шийилер үстмөдүк кылган түштүк чөлкөмүндө парламенттин 23 мандаты үчүн таймашты альянстын талапкерлери утат деп болжолдонууда.

Бирок антисириячыл кандидат, киши колдуу болгон пермьер Рафик Хариринин бир тууганы Бахья Харири Сидон провинциясында “Хезболла-Амалдын” тизмесине киргизилген.

Түштүк чөлкөмдө 665 миң киши добуш берүү укугуна ээ. Шайлоо процессине байкоо салуу үчүн Ливанга келгендердин бири, Евробиримдиктин өкүлү Вибек Клитьяр мындай деди:

- Биз добуш берүүгө керектүү нерселердин таркатылып беришин көзөмөлдөп турабыз. Шайлоо участкалардын бардык зарыл каражаттар менен камсыздалышын талап кылуудабыз.

Өткөн жекшембиде борбор калаа Бейрутта болгон добуш берүү жеңишти Саад Харири менен өнөктөштөрүнө алып келди. Бирок алардын бирдиктүү тизмесине да бир нече сириячыл талапкер киргизилген.

Аналитиктер мындай система элдин активдүүлүгүнө терс таасир тийгизди деп эсептешет. Бейрутта добуш берүүчүлөрдүн 28 пайызы гана шайлоо участкаларына барган.

Түштүктө болсо “Хезболла” менен “Амалдын” союзуна нааразы болгон кээ бир христиан жана мусулман талапкерлер шайлоону бойкоттого чакырып келишти.

Бирок алардын тизмесиндеги антисириячыл кандидаттарга болгон колдоо да күчтүү. Анын үстүнө шайлоого чейинки биримдиктер ушул бойдон сакталып, парламенттик фракцияларга айланат деп айтуу кыйын.

Быйыл февралда Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин киши колдуу болушу Сирияга каршы массалык демонстрациялардын башталышына алып келген. Ливандыктардын көбү Хариринин өлүмү үчүн Дамаск жооптуу деп эсептейт. Нааразылыктын натыйжасында, өкмөттүк кризис тутанып, эл аралык коомчулуктун кысымы астында апрелдин этегинде кошуна Сириянын аскерлери Ливандан толугу менен чегинген.

XS
SM
MD
LG