Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

КЫРГЫЗСТАНДЫ ВАШИНГТОНГО ТААНЫТКАН КИЧИНЕКЕЙ КАНЫКЕЙ


Бир мектептен экинчи мектепке которулуш, же айылдан чоң шаарга барып окуганга көнүш ойоң эмес. Ал эми 11 жаштагы бул кыз Кыргызстандан Кошмо Штаттарына барып, ошол жакта бир жыл окуп, тилди да өздөштүрүп, Ата мекенин да америкалыктарга таанытууга үлгүрдү. Каныкей Марат кызы 5-июнда Сиэтл шаарында "Балдар тынчтык үчүн ырдашат" деген ыр-майрамынын сыйлуу коногу болуп, бул майрамдын Чолпон апасы англисчеден которуп берген гимнин кыргызча, орусча ырдап, комуз чертип берди. Апасынын окуусу бүтүп, Бишкекке кайтып кетээрдин алдында Каныкей биздин радионун суроолоруна жооп берди. Анда Жаңыл Жусубжан жүргүзгөн ошол маекке назарыңыздарды бурабыз.

XS
SM
MD
LG