114 кишиден турган Конституциялык кеңешме 28-апрелде алгачкы жыйынын өткөргөн. Андан кийин Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, мына ошол топ иштеп чыккан долбоорду Конституциялык кеңешме 6-июнда “Хаят” мейманканасында талкуулай баштады.
Жыйынды Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев алып барууда. Алгач президент менен премьер-министрдин ыйгарым-укуктары боюнча Данияр Нарынбаев сөз сүйлөдү. Ал ыйгарым-укуктарды бөлүштүрүү боюнча талкуу жумушчу топто өтө кыйынчылык менен жүргөнүн жана кээ бир келишпеген учурлар боюнча кеңешмеде талкуу уланышы керектигин белгиледи. Айткандай эле, президентти канча мөөнөткө шайлоо маселеси каралган долбоордогу 43- берененин 1-бөлүмү боюнча талкуу күчөдү. Долбоордо президент 5 жылга бир гана мөөнөткө шайлана алат деп жазылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов президент бир гана мөөнөткө, бирок 7 жылга шайланыш керек деген пикирин ачыктады.
Ал эми биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” болбой, президентке эки мөөнөткө шайланууга укук берүү керек деген оюн билдирди.
Жумушчу топ иштеп чыккан долбоор боюнча Конституциялык кеңешменин жана адистердин пикири ар кыл болууда. Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев долбоор тууралуу мындай пикирин билдирди:
- Бул компромисттик вариант. Эгерде биздин ойго койгондо башкача кылмакпыз. Бирок негизинен Конституциялык реформанын багыты туура кетип баратат. Мына ушул долбоорду негиз кылып алсак болот.
“Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин пикири мындай болду:
- Долбоордо бийликтин үч бутагы тең эмес болуп калган . Алардын бири-бирине карама-каршы келген, логикалык байланышы жок жерлер бар. Биз ошолорду четтетүүгө тийиш элек.
Ал эми Конституциялык соттун судьясы, бирок кеңешмеге мүчө болбой калган Марат Кайыпов долбоордо карама-каршылык көптүгүн билдирди:
- Азыркы долбоорго ылайык президент аткаруу бийлигин түзүүгө анча-мынча салым кошот экен, мыйзам чыгаруу бийлигине мыйзам чыгаруу демилгеси жана кабыл алынган мыйзамга кол коюу менен кичине катышат экен, сотторду дайындоого укуктуу экен. Бирок мындай болбойт. Эгерде мамлекет башчы болуп күжүрмөн иштеймин деген киши болсо сөзсүз бийлик талашат дагы, кудум ушул аткаруу бийлигинин ишине келечекте түздөн-түз кийлигишет. Өзүнүн жардыгы, буйругу менен. Мындайча айтканда, азыркы Конституцияда президент менен премьер-министрдин, президент менен мыйзам чыгаруу бийлигинин карама-каршылыгы алдын ала жазылып жатат.
Конституциянын жаңы долбооруна Элдик курултайды киргизүү талабы менен 20дай адам “Хаят” мейманканасынын алдына пикетке чыкты. Алар жылына бир жолу чогулуп, бардык бийлик бутактарынан отчет алуучу Элдик курултайдын Конституциялык орган болушун талап кылууда.
Конституциялык кеңешме 7-июнда ишин улантат. Анда сунушталган долбоорду беренелер боюнча кабыл алуу башталмакчы.