Шенген келишими боюнча, ага кол койгон мамлекеттердин жарандары виза албастан, өз-ара чек арадан эркин өтө алат, сырттан келгендер болсо Шенген өлкөлөрүнүн бирине виза алса, башка мүчө-мамлекеттерге ошол эле виза менен барууга укуктуу. Дублин келишими боюнча болсо ага кол койгон мамлекеттерде башка өлкөлөрдөн качып келген качкындарга баш калка берүү шарттары окшоштурулуат.
2004-жылдын май айында Европа Биримдигине он жаңы мамлекет кошулганга чейин ага 15 мамлекет мүчө болчу жана алардын он үчү Шенген келишимин жактырган. Жаңы мүчө-мамлекеттер жана Британия менен Ирландия гана Шенген аймагына азырынча кирбейт, бирок Биримдикке мүчө эмес Исландия менен Норвегия ал келишимге кошулган. Швейцария дагы Европа Биримдигине мүчө эмес, бирок эми Шенген аймагына кирет жана эгер сиз Францияга барууга виза алсаңыз, Швейцария менен Франция ортосундагы чек арадан эркин өтө аласыз.
Швейцария илгертен бир топ саясий жараяндарга катышпай обочолонуп, өзүн нейтралдуу кармап келген, бирок өлкө өкмөтү акыркы жылдарда Европа Биримдиги менен тыкыз кызматташууга киришти жана кээ бир саясий партиялар ага бир топ катуу каршы чыккан. Швейцариянын Элдик партиясынын айтымында, эми өлкөгө башка мамлекеттерден кылмышкерлер менен жумушсуздар өтө көп келе башташы мүмкүн.
Анткен менен Женева кантонунун коопсуздук министри Мишелин Спөрринин пикиринде, эми өкмөт өз саясатын ишенимдүүрөк уланта алат:
- Женева өкмөтү жана мен өзүм коопсуздук министри катары референдумда эл биздин сунуштарды колдоп, Шенген келишими Швейцариянын эгемендүүлүгүнө эч шек келтирбестигин, өлкө коопсуздугун күчөтө турганын түшүнгөнүнө ыраазыбыз. Мындай татаал абалда Швейцариянын демократиялык тартиби дагы бир жолу далилденди.
Европалык келишимдерге кошулуу демилгесин добуш бергендердин 54,6 пайызы колдоду, ал эми экинчи референдумга коюлган маселени оң чечүүгө 58 пайыз шайлоочу добуш берди. Өлкөдө мурда эле эркектер менен эркектер же аялдар менен аялдар өз алдынча үй-бүлө түзүүгө өкмөттөн уруксат алган, бирок ага акыркы мезгилде бир топ диний уюм каршы чыгып келген, кээ бир консерваторлор болсо ал тууралуу мурда кабыл алынган чечимдерди жокко чыгарууну да талап кыла баштаган. Ошондуктан өкмөт маселени референдумга коюуну чечкен.
Эми гомосексуалдар бир-бирине үйлөнгөндө кадимки үй-бүлөлөр сыяктуу өкмөттөн салык жеңилдиктерин, пенсияга кошумча алууга укуктуу жана эркек менен аял түзгөн үй-бүлөлөрдүн милдеттенмелерин дагы аткарууга тийиш, бирок аларга сырттан бала багып алууга же жасалма уруктанууга азырынча уруксат бериле элек. Европанын кээ бир башка өлкөлөрүндө дагы гомосекусалдарга расми түрдө үй-бүлө түзүүгө уруксат берилген, бирок бул маселе мурда эч бир өлкөдө жалпы элдик референдумга коюлган эмес. Акыркы сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча Швейцария элинин бештен онго чейинки пайызы гомосексуалдар.