Азимбек Бекназаровду Башкы прокурорлук кызматка дайындоого макулдук берүү маселесин Жогорку Кеңеш эки күн бою талкуулады. Талкуу соңунда бюллетень салуу менен жашыруун добуш берүү аркылуу, көпчүлүк добуш менен Азимбек Бекназаров бул кызматка дайындалды. Талкуу учурунда депутаттар Азимбек Бекназаровго бир катар тапшырмаларды беришти:
- Бажыда жылына 50 миллион доллар орто эсеп менен жок болуп турган. Бул бир эле Кытай менен Кыргызстандын ортосунда болгон айырма. Кытай бажысынын маалыматы боюнча 2003-жылы Кыргызстанга 240 миллион долларлык товар кирген бизге. Ал эми биздин бажы кызматынын берген маалыматы боюнча 50 миллиондук гана товар кирген. Дегеле бажы тармагынын эгемендүүлүк мезгилдеги ишмердүүлүгүн текшерип, факты боюнча кылмыш ишин козгош керек,-деген Кубатбек Байболов энергетикка маселеси боюнча да миллиарддаган сомдор жең ичинен жоголгондугун белгилей кетти:
- Ошондой эле энергетика маселесинде да факты боюнча иш козгосоңуз болот. Бул тармакта да миллиарддаган сомдор жең ичинен жоголгон. Ошондой эле гуманитардык, медициналык жардамдардын таратылышы боюнча жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча кылмыш ишин козгоо зарыл.
Ошондой эле депутаттар элди күйүүчү май менен камсыз кылууда жана жарандарга паспорт берүүдө коррупциялык иштер боюнча кылмыш ишин ачууну сунуш кылышты. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев паспорт маселеси боюнча иш козгоо зарылдыгын белгиледи:
- Паспорт маселеси боюнча сөзсүз иш козгош керек. Жүз миңдеген адамдардын тагдырына жоопкерчиликсиз мамиле кылган адамдарды жоопко тартуу зарыл.Техпаспорт боюнча эки миллиард сом түшпөй калган. Ал акча кайда? Ушул боюнча да кылмыш ишин козгоо керек.
«Азаттык» радиосунун кабарчысынын «Депутаттардын жогорудагыдай талаптарын аткарууга Башкы прокуратуранын мүмкүнчүлүгү жетишеби?»-деген суроосуна Азимбек Бекназаров мындайча жооп берди:
- Чынында Башкы прокуратурада кошумча кызмат орундарын ачыш керек болуп жатат. Президенттин милдетин аткаруучу бизге он беш орун берип жатат. Эгер ошончо орун берилип, аларды каржылоо маселеси чечилсе бизге бир топ жеңилдик болот эле.
Акырында Азимбек Бекназаров өзүнө ишеним көрсөткөндүгү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди.