Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

ХЬЮМАН РАЙТС УОТЧ: ӨЗБЕК ӨКМӨТҮ АНЖИЯНДА АЙООСУЗ КЫРГЫН САЛГАН


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары АКШда жайгашкан адам укуктарын коргоо уюму 13-майда Анжиянда болгон окуяларда өзбек бийликтери ого эле катуу күч колдонуп, күнөөсүз адамдарды өлтүрткөн, деп айыптады. "Ок жамгырдай жаады. Анжиянда кыргын салынды" деген ат менен жарыяланган докладында Хьюман Райтс Уотч уюму бийлик өкмөттүн имаратын жана түрмөнү басып алган куралдуу топторду күч менен токтотууга арийне укуктуу деп белгилейт. Бирок ошону менен бирге эле уюм ондогон күбөлөрдүн маалыматына таянып, өкмөт тынч демонстрацияга чыккан элге каршы ого эле катуу күч колдонгон, ал кыргында өлгөндөрдүн саны өкмөт көрсөткөндөн алда канча жогору, деп билдирет.

Хьюман Райтс Уотч уюмунун баяндамасына ылайык, Өзбекстанда май айында болгон окуялардын дагы көптөгөн деталдар белгисиз, дагы көптөгөн суроолор жоопсуз кала берүүдө. Бирок окуяларга күбө болгон 50 кишини сурамжылоо өзбек өкмөтү куралсыз адамдарга каршы ого эле катуу күч колдонгондугун айгине кылды.

Хьюман Райтс Уотчтун эксперти Аллисон Гилл «Азаттыка» берген интервьюсунда бул жөнүндө мындай деди:

- Сурамжылоонун натыйжасында биз болгон окуялар жөнүндө так маалымат алууну көздөгөнбүз жана менин пикиримде, топтолгон маалыматтар бизге окуянын чындыкка эң жакын элесин тартып берди. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү өзбек өкмөтү өтө олуттуу кылмыш жасаганын тастыктоодо. Ошентсе да дагы көптөгөн суроолор жоопсуз кала берүүдө.

Гиллдин айтымында, Анжияндын борбордук аянтына ал жерге аскерлер келгиче канча адам чогулганын айтуу кыйын, бирок аскерлердин огунан, өкмөт билдиргендей 173 киши эмес, андан алда канча көп адам курман болгон. Мисалы көптөгөн күбөлөр жамгырдай жааган октон 400гө жакын адам жабылып бир жакка качып бергенин, алардын дээрлик баардыгы окко учканын айтып беришкен.

Укук коргоочулар күбөлөрдүн маалыматын журналисттер окуя болуп жаткан кезде тартып алган фотосүрөттөр менен салыштырышкан. Бул документтер Бабыр аянтында ал күнү көп адам чогулганын, алардын ичинде балдар жана аялдар болгондугун тастыктоодо. Сүрөткө ошондой эле котологон элден обочо жерде турган жоон топ куралчан киши түшүп калган, бирок Гиллдин айтымында, демонстранттардын басымдуу бөлүгүндө эч кандай курал болбогон.

Өзбек бийликтери бул кандуу окуянын жоопкерчилигин түрмөнү жана өкмөттүк имараттарды басып алган экстремисттерге жүктөп келатат. Диний экстремисттер карапайым калкты, анын ичинде балдар, аялдар жана карыяларды "жандуу калкан" катары пайдаланган, дешет бийликтер.

Анжиян окуялары жөнүндө буга чейин таркатылган маалыматтарда кандуу калабага 23 бизнесмендин үстүнөн уюштурулган сот процесси себеп болгондугу айтылып келатат. Бирок укук коргоочу Гилл мындай маалыматтарды тастыктаган күбөлөндүрүүчү материалдар жок экенин, жарандардын демонстрацияга чыгуусуна жакырчылыкта жашаган калктын режимге нааразы болгондугу түрткү бергендигин айтат.

- Адамдардын демонстрацияга исламдык ураандар менен чыкканын тастыктаган маалыматтар жок. Окуяга күбө болгондордун бири да демонстранттар исламдык ураандарды көтөрүп чыгышканын тастыкташкан жок. Ошон үчүн өкмөттүн күнөөнүн баарын диний экстремисттерге жүктөгөнү орунсуз сөз, мындай шылтоону өкмөт мурдатан эле пайдаланып келатат.

Укук коргоочулар Өзбекстандын Вашингтондогу элчилигине cуроолор менен кайрылышканда элчилик жабык болуп чыкты, ошон үчүн уюм күбөлөрдөн топтолгон материалдарга Өзбекстандын өкүлчүлүгүнөн түшүндүрмө ала алган жок.

Бул тууралуу ташкендик көз карандысыз саясий аналитик Камран Алиев мындай дейт:

- Өзбекстандын өкмөтү эл аралык уюмдардын бирине да, анын ичинде Транспаренси Интернешинел, Эмнести Интернешинел уюмдарынын буга окшогон иликтөөлөрүнө жооп берген эмес. Өзбек өкмөтү Хьюман Райтс Уотчтун бул докладына да ушундай эле мамиле кылат, же болбосо уюмду маалымат каражаттары аркылуу сынга алып, тим болот.

Өзбекстандын парламенти Анжияндагы окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түздү. Хьюман Райтс Уотч көз каранды эмес эл аралык комиссия түзүп, окуяны толугу менен иликтеп чыгууга үндөөдө. Мындай талаптарды өзбек өкмөтү башында эле четке каккан.

XS
SM
MD
LG