Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

ЕВРО АКЧАСЫНАН ЭЧ КИМ БАШ ТАРТПАЙТ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы күндөрдө Алмания менен Италияда европалык бирдиктүү акча - евродон баш тартуу керек деген пикирлер айтыла баштады. Бирок Европа Биримдигинин каржы министрлеринин 6-июнда Люксембургда өткөн жыйынында андай имиштер жокко чыгарылды.

Италиянын "Реппублика" гезитинде 3-июнда жарыяланган интервьюсунда өлкөнүн социалдык маселелер боюнча министри Роберто Марони Италия еврону таштап, кайрадан өзүнүн мурдагы акчасы лираны пайдаланууга тийиш деп билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн экономикасындагы өсүш евро киргизилгенден бери ылдыйлай баштады жана ага Европалык борбордук банктын төрагасы Жан-Клод Трише дагы күнөлүү. Министр бул маселе боюнча Италияда референдум өткөрүш керек деп да айтты жана анын партиясы андай референдум үчүн эл арасында кол топтоого да киришти.

Андан үч күн өтпөй, Италиянын реформалар боюнча министри Роберто Кальдероли дагы евронун ордуна кайрадан лира киргизүү сунушун колдоду, ал эми кошуна Алманиянын "Штерн" журналы өзүнүн акыркы санында жазып чыкканга караганда, немис жетекчилери арасында азыр - бирдиктүү европалык акча кризиске батканы жана жакын арада ал кулашы да мүмкүн экени кызуу талкууланып жатат.

Андан тышкары, Алманиянын "Эмнид" деген социологиялык институту жакында жарыялаган маалыматтарга караганда, немис калкынын 45 пайызы азыр еврону таштап, кайрадан эски маркага өтүүнү каалайт, анткени евро киргизилгенден бери Алманияда дагы экономикалык маселелер башталды. Чыгыш Германия калкынын болсо 51 пайызы ошондой пикирде.

4-июнда Сицилия аралындагы Мессина шаарында Европа Биримдигинин бийик жолугушуусу болуп, анда евро акчасынан баш тартуу идеялары акылга сыйбайт деген сөздөр айтылды жана Италиянын каржы министри Жанфранко Фини дагы еврону колдоду.

Анткен менен маселе баары бир коомчулук арасында кызуу талкууланууда жана Биримдиктин каржы министрлеринин 6-июнда Люксембургда өткөн жыйынында уюмдун учурдагы төрагасы Люксембургдун премьер-министри Жан-Клод Юнкер андай идеяны жөн гана келесоолук деп атады:

- Жетик акылга сыйбаган кээ бир идеялар чыккан экен, аларга караганда, кайсы бир өлкө евро акчасы жүгүртүлгөн аймактан чыгып кеткени жакшы имиш. Мен бул жыйынга келип, силерге айтайын дегеним - биз мындай келесоолукту башка укпаш керекпиз.

Австриялык аналитик Карл-Хайнц Грассердин пикиринде дагы Европада бирдиктүү акча киргизилгенин жетишкендик деп гана бааласа болот:

Италиянын өзүндө ага жооп катары айтылган пикирлерге мен кошулам. Өлкөнүн көптөгөн ишкерлери жана улук экономисттеринин айтымында, евро аймагынан чыгып кетүү тууралуу сунуштар жүз жылда бир кездеше турган келесоолуктардын бири. Ошондуктан бул маселени талкуулап да кереги жок. Акча биримдиги түзүлүп, евро киргизилгени - Европа бириге баштагандан берки эң зор жетишкендик жана бул багытта алдыга гана жылыш керек.

7-июнда болсо Страсбург шаарында Франциянын жаңы дайындалган каржы министри Филип Дуст-Блази чыгып сүйлөп, бирдиктүү акча кабыл алынганын Европа Биримдигинин жетишкендиги катары гана баалаш керек деп билдирди.

Анткен менен маселенин деги эле пайда болгону - Франция менен Нидерландда жакында өткөрүлгөн референдумдарда Биримдиктин Конституциясы четке кагылганы европалыктарды канчалык бушаймандыкка салганын көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG