Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

КАЗАКСТАНДА СОТ СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛООГО НЕГИЗ ЖОКПУ?


Замира Кожобаева, Прага Астана шаарында Казакстан сотторунун 4-курултайы болуп өттү. Ага президент Нурсултан Назарбаев катышып, азыр сотторду шайлоо тартибин киргизүүнүн кереги жок деген пикирин билдирди. Ошондой эле ал сотторду пара алганы үчүн күнөөлөп, буга айлык акынын тиешеси жок деген пикирин билдирди.

Казакстандын бардык булуң-бурчтарынан чогулган 200гө жакын сот өкүлдөрү катышкан бул жыйында маалымдалгандай, өткөн жылы сотторго бир млн. го жакын ишти кароого туура келген. Бул мурунку жылкыга салыштырганда эки эсе көп. Соттор муну элдин Фемида өкүлдөрүнө болгон ишениминин өсө баштаганы катары жылуу кабыл алышты. Бирок мамлекет башчысынын айтымында атуулдук иштерге чыккан сот чечимдеринин ар бир үчүнчүсү аткарылбай келе жатат.

Президенттин айыптоосун Жогорку соттун төрагасы Кайрат Мамиде мойнуна алып, сот чечимдеринин орундалбаганынын бир нече себептерине токтолду:

- Биринчиден сот чечимдери көбүнчө алимент төлөөчүлөр тарабынан аткарылбайт. Анткени азыр көп алимент төлөөчүлөрдүн туруктуу турак орду жок. Экинчиден, көп мекемелер банкрот болот. Алар сатылып кете берет, ал эми ошол мекеме үчүн акча короткон адамдарга сатылгандан түшкөн акча жетпейт. Дагы бир маселе, сот аткаруучулардын айлык маянасы аз, 15 миң теңгеден ашпайт.

Ал эми соттор тарабынан пара алуу жагдайына токтолгон президент паракорлук сотторго элдин ишенимин азайтат деп белгиледи. Бирок президент соттордун айлык акысын көтөрүү менен эле паракорлукту токтотуп коюуга мүмкүн эмес деп билдирди:

- Маселе акчада эмес, анын көлөмүндө деген сөз бар го. Бул адамдын өзүнүн адамгерчилигине жана паам-парасатына жараша болот. Ал эми совет мезгилинде иштеп, кетип калган кызматкерлердин пенсияларын биз көтөрө албайбыз, ал бүттү.

Ал эми судьялар коомунун төрагасы Бекет Тургараев пара берүчүлөрдү да жазалоо керек деп эсептейт:

- Пара берүүчү болбосо, пара алуучу да болбойт. Ошондуктан аларды биринчи иретте жазалоо керек деп ойлойбуз.

Курултайда президент Назарбаев сотторду шайлоо тартибин киргизүүнүн зарылдыгы жок экендигин да билдирип кетти. Анын айтымында, мындай тартип калыптанып, жемишин бергиче 20-30 жыл өтөт.

XS
SM
MD
LG