Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

АКШда ТЕРРОРЧУЛУККА ТИЕШЕСИ БАР ДЕП ШЕКТЕЛГЕН АДАМДАР КАРМАЛДЫ


АКШнын Федералдык иликтөө бюросу Калифорния штатынын эки тургунун терроризм менен байланышы бар деген шек боюнча камакка алды. Теги Пакистандык жаш жигит убагында «ал-Каиданын» лагеринде атайын машыгуудан өткөнүн моюнга алган. Дагы бир америкалык профессор үч өнөктөшү менен террорчул уюмдарга жардам берген деген кине боюнча соттолууда.

Федералдык иликтөө бюросу адегенде өткөн жумада Калифорния штатынын тургуну, теги пакистандык 23 жаштагы Хамид Хаятты камакка алды. Хамид кезегинде Пакистанда «ал-Каиданын» лагеринде машыгуудан өткөнүн моюнга алганы жарыяланды. Ага удаа ФБР бул жигиттин атасын, 45 жаштагы Умерди да абакка отургузду. Ага уулунун террорчул лагерде болгону жөнүндөгү маалыматты жашырып, жалган айткан деген кине тагылууда.

Калифорния штатынын прокурору Скотт МакГрегор шаршембиде буларды билдирди:

- Хамид 2003- жана 2004-жылдары Пакистанда жихадчылардын лагеринде алты айлык окуудан өткөнүн моюнга алды. Ал – лагердеги машыгуу «ал-Каида» тарабынан уюшулуп, анда америкалыктарды өлтүрүү максаты коюлганын айтып берди.


Американын жарандары Хамид Хаят жана анын атасынын камакка алынышы - АКШнын Флорида штатында терроризмге байланыштуу дагы бир сот иши башталган күндөргө туш келди. Кувейтте төрөлгөн палестин Сами ал-Ариан жана анын 3 өнөктөшү чет элдик террорчул уюмдарга жардам көрсөткөнү далилденсе, калган өмүрүн бүт бойдон темир тор артында өткөрүшү мүмкүн.

Америкалык университеттин профессору, компьютер боюнча чоң адис ал-Ариан АКШ өкмөтүнүн тынчын 1993-жылдан бери алып келаткан экен, Федералдык иликтөө бюросу ошондон бери шектүү палестиндин телефон аркылуу 400 миң жолку сүйлөшүүсүн жаздырып алыптыр. Тергөөчүлөр сотто ал-Ариандын күнөөсүнө далил катары ошол аудио-кассеталарды, кайда, канча акча которгону жөнүндөгү банктык кагаздарды, элдин көзүнчө Израилдин Палестинадагы баскынчылыгын кызуу айыптаган сөздөрүн келтирмекчи. ал-Ариандын адвокаттары профессор ал-Ариан акчанын баарын Палестинадагы кайрымдуулук фонддоруна которгонун, Израилдин адилетсиз саясатын айыптаганы үчүн күнөөлүү боло албаарын айтып жатышат.

Вашингтондо жашаган изилдөөчү Раед Таех АКШнын сот системасы ал-Арианга окшогон теги араб, террорчу деп шектелген адамдарга карата адилеттүү мамиле жасайт деп үмүт кылаарын айтат:

- Алар азыр сот алдында алсыз болуп тургандай, арабдар өкмөттүн террорчулукка каршы жасалма аракеттеринин курмандыгы болууда. Бирок сот залында калыстык өкүм сүрөөрүнө ишенем. Алар сот тарабынан суракка алынат, америкалык сотто айыпкер бир эле судьянын эмес, ошол жердеги дагы көп судьялардын суроолоруна жооп берип, күнөөсүз болсо акталууга мүмкүндүк алат.


Вашингтондогу Мурас корунун улуттук коопсуздук жана терроризм боюнча изилдөөчүсү Жэймс Филипп Федералдык иликтөө бюросу профессор ал-Ариандын артынан ушунча жылдан бери аңдып жүргөнүн бул бюродогу чалгындоо жана тергөө бөлүмдөрүнүн ортосундагы ажырымдын айкын далили деп эсептейт. 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан кийин кабыл алынган АКШнын Патриоттук акты өлкөнүн коопсуздугуна чоң салым кошуп жатканын белгилеп, Филипп Юстиция министрлиги шектүүлөрдүн күнөөсү биротоло аныкталмайынча камакка албай сактанып иштеп жатканын айтат:

- Менимче, профессор ал-Ариан университетте лекция окуп жатып айткан сөздөрү үчүн айыпталган жок. Ал кишилерди өлтүргөнгө адистешкен террорчуларга жардам берген деп айыпталууда. Ар бир киши өз пикирин айтууга укуктуу, бирок эркиндикти ар ким өзү каалагандай пайдалана албайт.

Флорида штатында профессор ал-Ариан баш болгон 4 кишинин үстүнөн сот иши өткөн жумада башталды, адвокаттар бул сот кеминде алты айга созулаарын эскертүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG