Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

ДЕПУТАТ СУРАБАЛДИЕВДИН ӨЛҮМҮНҮН АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?


10-июнда түштөн кийин Жогорку Кеңеш депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин киши колдуу өлүмүнө байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Анда ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов бул кылмыш боюнча тергөө иштери башталгандыгын билдирди.

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталиновдун берген маалыматына ылайык, кылмыш болгон жерде 9мм. 13 гильза табылган. Ошондой эле министрдин алдын ала маалыматтары боюнча, депутатка ок аткан 2 адам азият улутундагылар экен. Үчүнчү киши ак түстөгү “Мерседесте” күтүп турган.

Министрдин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов, окуяга күбө болгондордун саны көп экендигине карабастан, азырынча так маалымат жок экендигин айтты.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев бул кылмышты буйрутма киши өлтүрүү катары баалоо эрте экенин айтты:

- Шаар аралык жолдор тосууга алынып, катуу көзөмөл киргизилди. Улуттук коопсуздук кызматынын жана ички ишетр минситрлигинин бүт кызматкерлери азыр бул кылмыштын бетин ачууда иш алып барып жатышат. Бул кылмыштын күбөөлөрүн суракка алабыз . Ок аткан адамдардын бетин көргөн адамдар бар, аларга таандык автоонуаанын маркасы тууралуу да маалыматтар бар, менин оюмча, бул кылмыштын бетин биздин кесиптешибиздин элеси, анын үй бүлөсү, Жогорку Кеңеш үчүн ачышыбыз керек.


Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев да бул окуяга баа берүү эрте дейт:

- Бүгүнкү окуя кайгылуу окуя, мен да Таштемир Айтбаевге кошулам, азыр бул кылмышка баа берүү эрте. Азыр чынында эмне болгонун эч ким билбейт. Мунун баары саясаттан келип чыкты деп айтылып жатат. Саясатчылар бүгүнкү өлүмдү саясатка такап жатышат. Ушуну өзүңүздөр чечсеңиздер, урматтуу депутаттар.

Жыйындын соңунда депутаттар бул кылмышка байланыштуу билдирүүнү аткаруу бийлиги үч күндүн аралыгында парламентке берсин деген чечимге келишти.

Ал эми бул окуяга күбө болгон, бирок өз атын атагысы келбеген жигит буларды билдирди :

- Жыргалбек Сурабалдиев өзүнүн иштеген жеринен чыгып, күлүп эле бир шапкечен киши менен көрүштү. Алар учурашып жатканда эле ары жактан бир ак түсөгү автоунаа келип эле атып жиберди. Маркасын так айта албайм, “Мерседеске” окшогон актүстөгү автоунаа экен. Биринчи бир-эки жолу ок атылды. Андан кийин депутаттын машинеси жолду тосту, тоскондо тигилер мылтыктан көп жолу ата башташты. Ошол жерде тургандардын баары драмтеатрды көздөй качтык, жерге жата калдык. Эгерде машине жолду ачып бербегенде баарын атып салмак.

XS
SM
MD
LG