Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕР УРМАТ БАРКТАБАСОВ КАЗАКСТАНДЫН АТУУЛУБУ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Борбордук шайлоо комиссиясы 11-июндагы отурумунда керектүү документтерди толук топтогон атуулдарды президенттикке талапкер катары каттады. Ал эми талапкер Урмат Барктабасов бир эле мезгилде Казакстандын жана Кыргызстандын атуулу экендиги аныкталгандыктан аны президенттике талапкер катары каттабоо маселе көтөрүлдү. Маселени кароо дүйшөмбү күнгө жылдырылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бул күнкү отурумунда президенттикке талапкер болуп катышуу үчүн арыз берген атуулдардын ичинен тиешелүү документтерди топтогон атуулдарды талапкер катары каттап, аларга күбөлүк тапшыруу аземи өткөрүлдү. Баш мыйзамдын 43-беренесине ылайык 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген, президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөнгө чейин өлкөдө кеминде 15 жыл жашаган атуул гана президент болуп шайлана алат деп жазылган. Ал эми Шайлоо кодексине ылайык президенттик шайлоого катышууну каалаган ар бир атуул талапкер катары катталуу үчүн 50 миң адамдын колун топтоп, БШКга 100 миң сом акча төлөшү зарыл.

Жогорудагыдай шарттарды аткарган талапкерлер Турсунбай Бакир уулу, Кеңешбек Дүйшөбаев, Жыпар Жекшеев, Жусупбек Шарипов жана Токтайм Үмөталиевага бул күнкү отурумда талапкер күбөлүгү тапшырылды. Ал эми президенттикке талапкерлер Курманбек Бакиев менен Акбараалы Айтиекеев Бишкекте жок болушкандыктан аларды каттоо келээрки дүйшөмбүгө жылдырылды.

Бул күнкү отурумда президенттикке талапкер Урмат Барктабасов Казакстандын атуулу экендиги далилденгендиктен аны каттабоо тууралуу маселе көтөрүлдү. БШК мүчөсү Жеңиш Акматов Урмат Бартабасовдун Казакстандын атуулу экендигин далилдеген документтерди отурумдун катышуучуларына окуп берди:

- Бул Казакстандын Жамбыл областтык ички иштер башкармалыгынын 2005-жылдын 3-июндагы берген справкасы: Бартабасов Урмат Аскарбекович чынында эле Жамбыл обласынын ички иштер башкармалыгы тарабынан 2003-жылы 27-августа Казакстандын атуулдугун алган.

Ошондой эле Жеңиш Акматов Урмат Бартабасовдун Ысыккөл областынын Балыкчы шаарында туулгандыгын, ал эми учурда Казакстандын Кордай обласынын Сортобе айылындагы Ленин көчөсүндөгү 272-үйдө жашай тургандыгын маалымдады.

Андан соң БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Урмат Барктабасовду талапкер катары каттабоо тууралуу токтом долбоорун сунуш кылды. Ага БШКнын мүчөлөрү Акылбек Сариев жана башка беш мүчөсү каршы болушту. Алар Барктабасов тууралуу жогорудагыдай документтер жасалышы ыктымал деген пикирлерин айтышты. Андан соң БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов бул меселени добушка койду. БШК мүчөлөрүнүн жарымы колдоп, жарымы колдобой калгандыктан маселени кароо дүйшөмбү күнгө жылдырылды. Урамат Барктабасов өзү бул күнкү жыйынга келген жок.

Урмат Барктабасовдун ишенимдүү адамы Замирбек Тыныбеков БШК мүчөлөрүнүн жогорудагыдай маалыматын жокко чыгарып, атайлап жасалган иш деген оюн ортого салды:

- Болгон документтерди мен БШКга тапшыргамын. БШКдан эч бир суроо болгон эмес. Булар мындай документ кечээ түштү деп айтып жатышат. Булар атайы жасап жатышат. Катып жатышып чечим кабыл алаарда алып чыгышты. Бул туура эмес.

XS
SM
MD
LG