Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕР КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН БОРБОРДУК ШТАБЫНА КОЛ САЛУУ БОЛДУ


Шайырбек Эркин уулу Ушул айдын он биринен он экисине караган түнү, саат эки-үчтөр чамасында президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин штабына белгисиз бирөөлөр кол салышты.

Борбордук штабка кол салган белгисиз адамдар штабдын коопсуздугун көзмөлдөп турган эки күзөтчүнү айоосуз сабашып, Курманбек Бакиев менен Данияр Үсөновдун штабка кайсы учурда келип-кетээри, Данияр Үсөнов кай жерде жашаары тууралуу маалыматтарды билүүгө аракеттенишкен.

Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы Авазбек Атаханов “Азаттыкка” буларды билдирди:

-Түн ичинде президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин борбордук штабына белгисиз адамдар кол салып, ошол жердеги эки күзөтчүнү уруп, алардан Курманбек Бакиев жана Данияр Үсөновдор кайсыл убактарда келет, кайсыл убактарда кетишет деген маалыматты алабыз дешип, сурак кылышыптыр. Азыр токмок жеген күзөтчүлөрдүн абалы оор. Кимдер кол салганы, канча адам экени азырынча белгисиз. Учурда Улуттук коопсуздук кызматы бул иш боюнча тергөө жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG