Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

ММК ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ҮГҮТ ИШТЕРИН БАШТАДЫ


9-июндан баштап президенттик шайлоого карата жалпыга маалымдоо каражаттары үгүт иштерин баштады. Шайлоо кодексине ылайык бул иш чара 9-июлга чейин жүргүзүлүшү керек. Буга байланыштуу “Интерньюс” коомдук бирикмеси менен СИМЕРА уюму өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарына мониторинг жүргүзөт.

Алдыдагы президенттик шайлоого карата массалык маалымат каражаттарынын үгүт иштерин жүргүзүүгө 30 байкоочу катышат. Алар өлкөдөгү 150 басма сөз каражаттарына жана электрондук 34 массалык маалымат каражатына мониторинг жүргүзүшөт. Бул тууралуу «Интерньюстун» аткаруучу директору Эльвира Сариева мындай дейт:

- Биз президенттик шайлоодо мониторинг өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Бүгүн биринчи күн. Бул иш чара Кыргызстандын бардык аймагында жүргүзүлөт. Мониторинг өткөргөнгө мыкты адис журналисттер тартылган.

Анын айтымында көз карандысыз байкоочулар жеке жана мамлекеттик басма сөз каражаттарына, электрондук массалык маалымат каражаттарына байкоо жүргүзүшөт.

Негизинен массалык маалымат каражаттары президенттикке талапкерлер тууралуу калыс, объективдүү материалдарды чагылдырышы керек, дейт долбоордун жетекчиси Кубан Мамбеталиев:

- Журналист тарабынан эч кандай комментарий берилбеши керек. Мисалы президенттикке талапкер эл менен жолугушууга бардыбы, ошол жолугушууну көрсөтүү керек. Анан, бул президенттикке жарайт, бул президенттикке жарабайт, деген болбойт.

Анын белгилешинче 27-фералдагы парламенттик шайлоого байланыштуу мамлекеттик массалык маалымат каражаттары тарабынан мыйзам бузууларга жол берилген. Алдыда болуучу президенттик шайлоодо маалымат каражаттарына административдик ресурстар колдонулабы?- деген суроого Кубан Мамбеталиев мындайча жооп берди:

- Мамлекеттин башчысы президенттик шайлоого катышууга талапкерлигин коюп жатат. Анын буйругу менен мамлекеттик гезиттердин башкы редакторлору, КТРдын жетекчиси дайындалды. Демек алар бийликтин буйругун аткарышат.

Эгерде президенттик шайлоодо маалымат каражаттары тарабынан мыйзам бузуулар болуп, кайсы бир талапкер же шайлоочу сотко кайрылам десе «Интерньюс» коомдук бирикмеси жана СИМЕРА уюму мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу толук маалымат берүүгө даяр.
XS
SM
MD
LG