Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

ФРАНЦИЯЛЫК ЖУРНАЛИСТ 157 КҮНДҮК БАРЫМТАДАН КИЙИН ҮЙҮНӨ КАЙТЫП КЕЛДИ


Францияда майрамдык маанай өкүм сүрүүдө. Дээрлик 5 ай Иракта барымтада кармалып келген журналист Флоранс Обена бошотулуп, кечээ мекенине кайтып келди. Париждин чет жакасындагы аскерий аба майданда “Liberation” гезитинин кабарчысын президент Жак Ширак өзү тосуп алды. Журналист жана анын тилмечи, ирактык жаран Хусейн Анундун азат кылынышынын чоо-жайы белгисиз. Француз өкмөтү барымтачыларга эч кандай кун төлөнгөн жок деп ырастоодо.

Флоранс Обена менен Хусейн Анун ишембиде эле бошотулуптур, бирок коопсуздук себептеринен улам, бул жөнүндөгү кабар жекшембиде түшкө жакын таркатылды. Обена Ирактан атайын учак менен Кипрге жөнөтүлүп, ал жерден мекенине учуп келди. Аны Франциянын тышкы иштер министри Филип Дуст Блази, “Liberation” гезитинин баш редактору Серж Жюли коштоп келишти. Жюлинин айтымында, кабарчы менен тилмеч жашыруун аскерий операциянын натыйжасында бошотулду. “Барымтачылар Флоранс менен Хусейнди кое берип жаткан кезде аларды эч ким көрбөсүн деп, бир нече саат бою Багдадды айланып жүрүштү”, - деп айтып берди Жюли.

Париждин жанындагы Villacoublay аба майданына учуп келген Флорансты анын энеси, жакындары, президент Жак Ширак, башка расмий адамдар жана көптөгөн кабарчылар тосуп алышты. Журналист ошол эле аэропопорттон Франциянын чалгындоо кызматынын Орлеандагы кеңсесине жөнөп кетти. Кабарчы ал жерде бир нече күн калып, чалгынчылардын суроолоруна жооп берет.

Аба майданында Обена кыскача комментарийлери менен бөлүшүүгө үлгүрдү:

- Мен адегенде Тулуз, Лильдин тургундарына, бардык француздарга, президенттерге, министрлерге, журналисттерге, мугалимдерге ырахматымды айтам. Менин Францияга кайтып келишимди камсыздаган кишилерге, бошотулушума салым кошкондорго ыраазычылыгмыды билдирем – деген Обена котормочусу менен кошо кенедей бөлмөдө буту колу, көздөрү байланган бойдон кармалып келгенин учкай айтып берди.

Кеңири маалымат шейшембиде өтө турган пресс-конференцияда берилмей болду.

“Liberation” басылмасынын директору Патрик Сабатье бардыгы ушундай аяктаарына үмүттөнгөнүн белгиледи:

- Бардыгыбыз үчүн бүгүнкү күн кубанчытын күнү. 5 ай бою бардыгы жакшы болот деп ишенип келгенбиз. Француз өкмөтүнө, дипломаттарга, 5 ай бою Флоранс менен Хусейндин үйлөрүнө аман-эсен кайтып барышы үчүн болгон аракетин жумшаган кишилерге ырахматыбызды айткым келет. Көчөлөргө чыгып, тилектештигин билдирген катардагы француздарга да өзгөчө ыраазыбыз.

Хусейн Анунду болсо аялы менен 4 баласы, туугандары менен кошуналары тосуп алышты. Францияда билим алган Хусейн мындан ары Батыш журналисттери менен кызматташпай турганын, журналистикадан таптакыр баш тартаарын айтты. Франциянын Europe - 1 радиосуна берген интервьюсунда Хусейн: “Аялым ыйлап, үйдөн эч жакка кетпе деп суранды”, - деди.

Флоранс менен Хусейнди жылдын башында, 5-январда, Багдад мейманкасынан чыгып бараткан жеринен белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен.

Европа Биримдиги кабарчынын азат кылынышын кубаттап, Ирактагы куралдуу топторду барымтада кала берген кишилерди кое берүүгө үндөдү. Ушу тапта Иракта 20 чакты чет элдик жаран барымтада отурат.

Ишембиде “Чегарасыз кабарчылар” уюмунун жетекчиси Робер Менар Ажанс Франс Пресске берген маегинде Обенаны уурдап кеткендер 15 миллион доллар кун талап кылышканын айткан. “Барымтага алынган кишилер жөндөн жөн кое берилбейт”, - деген Менар.

Француз өкөтүнүн басма сөз катчысы Жан-Франсуа Коп Флоранс менен Хусейн үчүн бир да тыйын төлөнбөгөнүн билдиргенден кийин, Менар “мен айтаар сөзүмдү так айта алган жокмун” деп алгачкы кебинен баш тартты.

Бул окуяда дагы бир табышмактуу жагдай бар. Жакында барымтадан бошотулуп, Ирактан кайтып келген румыниялык журналисттер алар бир жарым айча Обена менен бир жерде кармалып келгенин айтып беришкен эле. Бирок франциялык кабарчы бул маалыматты төгүнгө чыгарды. “Балким, Флоранс биздин бошотулганыбыз жөнүндө кабардар эмес, андыктан коопсуздугубуз үчүн ушинтип айтып жатат”, - деп боолголошот румыниялык журналисттер.

XS
SM
MD
LG