Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

ОРУСИЯ БРИТАНИЯНЫН КОЛДООСУНА МУКТАЖ ЭКЕНИН ПРЕЗИДЕНТ ПУТИН АЧЫК АЙТТЫ


Британиянын премьер-министри Тони Блэр дүйшөмбү күнү Москвага ырасмий сапарга келип, президент Владимир Путин менен жолугушту. Блэрдин максаты Африка өлкөлөрүнө жардам көрсөтүүдө жана климаттын өзгөрүүсүнө арналган Шотландияда болчу саммитте Орусиянын колдоосун алуу. Москва да Лондондун колдоосуна муктаж. Анткени, 1-июлдан тарта Британия Евробиримдикке, ал эми Орусия келерки жылы Чоң Сегизге төрагалык кылат.

Премьер-министр Тони Блэрдин июлда Шотландияда болчу Чоң Сегиздин жыйыны алдында Европа өлкөлөрүнө жасап жаткан сапарын Москвадан баштоосу –Британиянын Орусияга болгон өзгөчө мамилесинде эмес. Тескерисинче, талдоочулардын айтымында, Блэр мырза Германия, Франция жана Люксембурга жасачу визити алдында Москвага эс алуу үчүн келген сыяктуудай.

Тони Блэрдин Владимир Путин менен Орусия президентинин Ново-Огареводогу резиденциясында жолугушуусу жана бул сүйлөшүүдө каралган маселелердин негизинде талдоочулар ушундай тыянак кылышты.

Ырасында эле, Орусия Чоң Сегиздин мүчөсү катары дүйнөнүн 18 жарды өлкөсүнүн карызын кечүү маселесин ишемби күнү Лондондо өткөн жыйында колдогон. Анын себебин Орусиянын финансы министри Алексей Кудрин “өтө кедей өлкөлөрдүн карызды төлөп берерине ишенич жокко эсе” деп түшүндүргөн.

Орусия быйыл февралда Киото келишимине кол коюп, Шотландиядагы саммитте талкуулануучу өнөр жай ишканалары бөлүп чыгарган зыяндуу газдарды чектөө маселесин да жактаган.

Андыктан, келерки жылы Чоң Сегиздин төрагалыгын аткарууга камданып жаткан Орусия Тони Блэрдин сапарын пайдаланып Британиядан колдоо алууга умтулду. Москва ырасмий Лондондун колдоосуна муктаж экенин президент Путин жашырган жок:

– Келерки жылы Орусия Чоң Сегиздин төрагасы болгондо, Британия бизге колдоо көрсөтөт деген үммүттөбүз.

Президент Путиндин бул сөзүн айрым талдоочулар Британия келерки жырым жылда Евробримдикке төрагылык кылып жатканда Орусияны колдоп-таянганды унутпайт деген ишаара деп баалашты.

Орусиядагы адам укугунун абалына үзбөй көңүл бөлүп жүргөн Тони Блэр Москвада эч кандай сын сөз айтпады. Ал тек гана Британия Евробиримдиктин төрагасы болуп турганда Орусия менен байланышты жакшыртууга аракет кылаарын айтты:

- ... Биздин ортобузда Орусиядагы азыркы абал жана өз ара кызматташууну болочокто кандай өнүктүрүү боюнча өтө кызыктуу
сүйлөшүү болду. Сүйлөшүү мени канааттандырды.


Тони Блэрди Москвадан кийин Берлинде жана Парижде айрыкча катаал сүйлөшүү күтүүдө. Германия азыр Евробиримдикке эң көп акча төгөт. Франциянын калыкынын саны жана экономикасы Британияга тете. Бирок Лондон Евробиримдикке 15 эсе көп акча төгөт. Лекин ал акчанын негизги бөлүгү өлкө ичинде калып, майда фермерлерди колдоого сарпталат. Германия менен Франция акыркы жылдары Лондонду береги акчаларды биримдикке түз берүүнү талап кылышып, Британия менен араздашып жүрүшөт. Бу чатакты Блэр канчалык деңгээлде чече алат, аны бүгүн Берлинде, андан соң Парижде болчу сүйлөшүүлөр көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG