Мохамед ЭлБарадейи Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикти 1997-жылдан бери башкарып келатат. Дүйнө жүзүндөгү опурталдуу курал өндүрүү ишине көзөмөл жүргүзгөн агенттиктин башчысы – ар дайым коомчулуктун көңүл назарында. Мохамед ЭлБарадейи алгачкы жолу өзүнүн саясий эркин Ирактагы согуш башталаар алдында көргөзө алды. Ал Саддам Хусейндин кооптуу куралы жок экенин улам кайталап айтып, Ирактагы согушту болтурбоого аракеттенди.
- 3 айга созулган дыкат текшерүүдөн кийин биз азыркыга дейре Ирактын өзөктүк курал өндүрүү программасы болгонун тастыктаган бир да далил, же ынандыраарлык белги таба алган жокпуз, - деген анда МАГАТЭнин башчысы Мохамед ЭлБарадейи. Бул билдирүүнү ал 2003-жылдын март айында, Ирактагы согуш башталаарына саналуу күн калганда жасаган.
62 жаштагы, кесиби боюнча юрист ЭлБарадейинин ушу тапта башын ооруткан экинчи маселе – Ирандын божомолдуу өзөктүк курал программасы. Ал ушул маселеде да өжөрлүгүн көрсөтүп, Вашингтондун Иран өзөктүк өнөр жай программасын массалык кырган салуучу курал даярдоо максатында пайдаланууда деген айыптоолорун колдоодон баш тартып келатат. Бул пикирин далилдеш үчүн ал Тегеранды атомдук өнөр жай ишканаларын, башка ушул тармакка тийиштүү жайлардын баарынын эшигин ачып, эл аралык агенттиктин аларды кылдат текшерип чыгуусуна шарт түзүүгө үндөп келатат.
Дипломаттар Мохамед ЭлБарадейи Британия, Франция, Германия ушул маселе боюнча Иран менен сүйлөшүү баштоосуна салым кошконун белгилешет. Европа Биримдигине мүчө үч өлкө Тегеранга уранды байытуу программасын токтотсо, ал үчүн айрым соода-экономикалык артыкчылыктар берүүнү сунуш кылууда. Лондон, Париж жана Берлиндин Мохамед ЭлБарадейи колдогон бул аракеттери Вашингтонго жага бербейт. АКШ жетекчилиги анын ордуна МАГАТЭ Иранга каршы айрым катаал чаралар кабыл алуу сунушун Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешине киргизиши керек деген пикирде.
Андыктан байкоочулар Ирандын тегерегиндеги кырдаал кызып турган азыркы чакта АКШ Мохамед Эл Барадейинин МАГАТЭ башчылыгына 3-жолу шайлануусун жактабайт деп эсептешет. Вашингтондогу саясий изилдөөлөр институтунун эксперти Роберт Алварес ага себеп катары Эл Барадейинин Ирак боюнча айткандары АКШнын көз карашына каршы болгонун келтирет.
- Өкүнүчтүүсү, ЭлБарадейинин АКШны колдобой, Иракта массалык кыргын салуучу курал жок деп айтканы чындык болуп чыкпадыбы.
АКШнын ырасмий өкүлдөрү буга чейин бир нече ирет Улуттар уюмунун жооптуу кызматкерлери эки мөөнөткө гана шайланышы керек деген пикирин билдиришкен. Ошентсе да, 10-июнь күнү АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Шоун Маккормак: «Соңку маалыматтар көргөзгөндөй, доктор ЭлБарадейинин талапкерлиги бүгүн добушка коюлса, ал МАГАТЭнин башчысы болуп кайрадан шайланмак экен. Биз бул маселени түшүнүү менен, жогорудагы пикирге кошулууга даярбыз», - деп белгиледи.
Эксперттер Вашингтон МАГАТЭнин башчылыгына башка ишеничтүү талапкер көрсөткөн жок, ошондуктан Мохамед ЭлБарадейи АКШ менен кыйыныраак мамилелерине карабастан, МАГАТЭнин жетекчиси болуп кайрадан бир добуштан бекитилди деп айтып жатышат.