Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТУРИЗМДИН КҮНГӨЙ-ТЕСКЕЙИ


Кабыл Макешoв, Бишкек Kыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар программа, концепциялар кабыл алынганына карабай бул тармак үзүрүн бере элек. 24- марттагы ыңкылаптан кийин “Кыргызстанга чет элдик туристтердин келиши кооптуу” деген маалымат тараган. Жакында АКШ, Канада, Бельгия, Франция, Германия жана башка мамлекеттерден 10 журналист Кыргызстанга өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу максатында келишти.

Кыргызстандык турфирмалар чет өлкөлөрдө өткөн 8 эл аралык жармаңке, көргөзмөгө катышып, өлкөнүн эс алуу жайлары тууралуу маалымат беришкен. Жыл өткөн сайын чет өлкөлөрдөн кыргыз жерине келген туристтердин саны арбып бараткан. Тилекке каршы, 24- марттагы ыңкылаптан кийин “Кыргызстанга чет элдик туристтердин келиши кооптуу” деген маалымат тараган. Өлкөдөгү абалды жеринде таанышуу үчүн келишкен көз карандысыз 10 журналист Ысыккөлдө, Аларча улуттук паркында, Чүй өрөөнүндө, Кочкор аймагында болуп, алар кыргыз жергесинин кооз жаратылышына суктанышканын жашырбады.

Канада жана АКШ өлкөлөрүнүн маалымат каражаттарына туризм көйгөйлөрүн жазып жүргөн Клео Паскаль айым Кыргызстандын кооз жаратылышы,туристтик зор мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтып, бул аймакта альпинизмди, аңчылык туризмди, экологиялык туризмди, тобокелге баш байлаган рафтинг мелдештерин уюштурса болоорун белгиледи:

- Кыргыз эли абдан меймандос, ачык көңүл эл экен. Таза табиятыңар, бийик тоолоруңар суктандырды. Англис тили- дүйнөлүк туристтердин тили катары таанылгандыктан, жол боюндагы орусча көрнөктөрдү англис тилине которүп жазууну унутпасаңар. Анан дагы бир мүчүлүш- көпчүлүк аймакта- ажаатканага кирүүдөн заарканып турдук. Мунун оңдоп коюуу колдон келчү иш эмеспи? -
деген пикирин айтып, өлкөдө туризмди рекламалоо, маркетинг кызматы чабалдыгын байкаганын билдирди.

Журналисттик кесиптин аркасы менен 180 өлкөдө болгон бельгиялык Хосе Диленс Кыргызстандын таза жаратылышы көөнөрбөс байлык экенин, элдин ачык айрым маанайы, улуттук көркөм кол өнөрчүлүк буюмдары эсинде калганын айтты:

- Кыргызстан- Улуу жибек жолунун боюнда болгону менен туризмден пайда табууга шарты бар. Айрыкча таза сууңар, мөмө- жемиштериңер, тамак- ашыңар чет элдик туристтерди кайдыгер калтырбайт. Бирок жолуңардын начардыгы зээнди кейитти. Бельгиядагыдан 10 эсе бийик тоолордон пайда таап, киреше алууга болооруна көзүм жетти. Өлкөдө туристтердин коопсуздугу үчүн эч кандай коркунучтуу жагдайды байкаганым жок.

Кыргызстанга туристтердин келүүсү үчүн виза маселесин жеңилдетүүнү, кошумча аба каттамдарын ачууну жаңы бийлик карап жатканын чет элдик журналисттер менен жолукканда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров мындайча белгиледи:

- Кыргыз жергесин таанып- билүү үчүн 3 күн аздык кылат. Жок дегенде 3 жумалык убакыт зарыл. Сиздер өлкөдөгү абал тууралуу так маалымат берип, эл аралык туристтик коомчулукту кабардар кылат деп ишенебиз.

24- марттагы ыңкылаптан кийин жайында Орусия менен Казакстандан кыргыз жергесине келүүнү каалагандардын саны азая баштаганын, ошондуктан туура маалымат берүүнүн зарылдыгын Кыргызстандын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин туризм башкармасынын башчысы Акбар Жигитов белгиледи:

- Өлкөдөгү жагдайды, саясый стабилдүүлүктү жеринде тааныштыруу үчүн 20-21- июнда Шериктеш өлкөлөрдүн жоон топ журналисттери Кыргызстанда болушат. Муну менен өлкөнүн туристтик тармагын, мүмкүнчүлүгүн ачык көрсөтүүгө өбөлгө түзүлмөкчү.

Өлкөдөгү турфирмалар, коомдук уюмдар да жайкы сезондо чет элдик туристтерге туура маалымат жеткирүүгө кызыкдар.
XS
SM
MD
LG