Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

КЫРГЫЗСТАНДА КРИМИНАЛ ҮСТӨМ, ТУЛПАР - ТУШУНДА, КҮЛҮК -КҮЧҮНДӨ


Апта башындагы кыргыз гезиттеринде парламент депутатынын атып өлтүрүлүшү, шайлоо атаандаштыгы күчөп бараткандыгы, Оштогу «Алай» мейманканасынын жанындагы атышуу, мурдагы президенттин өлүү дүйнөсү, эски бийликти мактоочулардын жаңы бийликтин жактоочуларына айланышы сындуу окуялар, ага комментарийлер жарыяланды.

Парламент депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин таламандын так тушунда көпчүлүктүн көз алдында атылып өлтүрүлүшү Кыргызстанда криминал өзүн ээн-жайкын сезип, бийликти көзгө илбей калганын көрсөткөн окуя болгонун шейшембиде жарыкка чыккан гезиттердин дээрлик баары жазып чыгышты.

«Баары сатылып алынганбы?» деп суроо коет 14-июндагы «МСН» гезитинде Александр Ким.

«Дөөгүрсүгөн криминал Кыргызстанда кыйладан бери өзүн ээн-жайкын сезип калган, ал мамлекеттик ишке, анын ичинде тартип коргоо органдарына аралашып, алар жасай турганды өзү эле жайкап коюуга өткөн. Асыресе экономикалык талаш-тартыштарды кылмышкерлер сотко караганда тез, ыкчам чечип калышкан», деп жазат макала автору.

Оштогу «Алай» мейманканасынын жанында 13-июнда күпкүндүзү атышуу болуп, биртоп адам жарадар болгонун шейшемби күнү чыккан гезиттердин баары жазып чыгышты. Өткөн аптада жаалданган көпчүлүк Карасуу шаарындагы «Туратали» базарындагы Б.Эркинбаевдин офисин талкалап, жаңы базар башчысын шайлап алышкан. Дүйшөмбүдө базарды дүрбөлөңгө салгандар Ош шаарындагы «Алай» мейманканасына келишип, ортодо кагылышууда ок атылган. Нааразы болгондор Б.Эркинбаев Кыргызстандын түштүгүндө өзүмбилемдигин жүргүзүп атканын айтышты, деп маалымдайт шейшемби күнкү «Слово Кыргызстана» гезити.

Бишкекте Өкмөт үйүнүн жанында президенттикке талапкерлиги өтпөй калган У.Барктабасовдун талапкерлери пикет уюштуруп, эгер алардын талабы аткарылбаса эртең көчөгө жүз миңге жакын киши нааразылык билдирип чыгышарын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазды. «Ошондо 24-марттагы окуялар буга караганда «оюнчук» болуп калат», деп жазат гезит кабарчысы Э.Темир.

«Бүгүн саясатчыларга мергенчилик башталганы ачык болуп калды. Акырындап саясатчылар менен мылтыктын огу аркылуу эсептешкендер кимдер? Депутаттын криминалдык талашка кандай тиешеси бар? Бул суроого жооп берүүгө улуттук коопсуздук кызматынын күчү жетпейт окшойт», деп жазат шейшембидеги «Кыргыз руху» гезити.

«Акаевдерге таандык объектилердин саны 177ге жеткенин шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезити кабарлады.

Ушул эле тема шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде да козголду. А.Акаев менен анын жакындарына тиешелүү мүлктү иликтеп аткан комиссия 150гө жакын объекттин чоо-жайын иликтеп чыкты. Салыкчылар 58 чарба субъекттерин текшерүүгө алып, анын 12син аягына чыгарды. Анын натыйжасында 11 миллионго жакын акча казынага кайтарылды. Экс-президент менен жакындары тарабынан мамлекетке 2 миллиард сомдук зыян келтирилген.

Мурдагы парламенттин спикери А.Эркебаевдин «Мен оюмдагыны ачык айтам, айтканымдан кайтпайм» деген аталыштагы маеги «Кыргыз туусунун» жаңы санында жарыяланган. А.Акаевдин сыйын көрүп, М.Акаеваны Курманжан даткага теңеп, «Үмүттүн шооласы өчпөйт» китебин улуу чыгарма деп мактап келген Чыңгыз Айтматов Орусиянын маалымат каражаттарына экс-президент «ушуну көрмөк» маанисинде маегин жарыялады, дейт А.Эркебаев.

Кыргыздардын Акаевге таарынар жөнү жок, деп жазат Болот Темиртегин деген автор. «Акаичтин кыргызга кылган кызматын баалашыбыз керек. Керек болсо эстелик тургузганыбыз оң. Көлдүн жээгиндеги Ельциндин эстелигинин жанына курса куп жарашмак. Экөө ырыскылаш-табакташ эмеспи, жанына сүйгөн тамактары: казы-карта, чучук, бөтөлкөсүн да кошуп койсо артыкбаш болмок эмес. Аны чоңдордун эстелигине уста Тургунбай Садыковго жасатыш эп», дейт Б.Темиртегин 14-июндагы «Кыргыз туусу» гезитиндеги макаласында.
XS
SM
MD
LG