БШК берген маалыматына караганда, Урмат Барктабасов Казакстандын Жамбыл областынын ички иштер башкармалыгы тарабынан 2003-жылы Казакстандын атуулдугун алган. Ошондой эле БШКнын 13-июндагы отурумунда Барктабасовдун Казакстандын атуулу экендигин далилдеген Жамбыл областтык ички иштер башкармалыгынын башчысынын колу коюлган справка жана Барктабасовдун атуулдук алуу үчүн жазган арызын жана башка документтердин көчүрмөлөрү көрсөтүлдү. БШКнын мындай маалыматына “Мекеним Кыргызстан” кыймылынын өкүлдөрү ишенишпейт. Бул тууралуу аталган кыймылдын өкүлү Бермет Турдуниязова мындай дейт:
- Өзүңөр түшүнүп турасыңар, мындай справкаларды акчага эле жасатып алса болот. Чынында алар Барктабасов тууралуу эч кандай документ же далил бере алышкан жок. Ал эми алар көрсөтүшкөн документтердин көчүрмөлөрү - бул документ эмес. Ошондуктан биз документтердин көчүрмөсүн эмес, чыныгы үлгүсүн көрсөтүүнү талап кылып жатабыз.
Ошондой эле ал Урмат Барктабасовдун талапкер катары катталбай калышын саясий себептер менен байланыштырып түшүндүрдү:
-Мен дагы бир жолу кайталап кетейин. Бүгүнкү күнү күчтүү атаандаштарды кандайдыр бир жол менен тазалоо зарылдыгы болуп жатат. Менин оюмча Урмат Барктабасов Курманбек Бакиевге чыныгы атаандаш болмок. Ошондой эле мунун баары үгүт өнөктүгү башталганда болуп жаткандыгы да кокустук эмес деп ойлойм.
Андан аркы сөзүндө Бермет Турдуниязова Урмат Барктабасов учурда чет өлкөдө иш сапары менен жүргөндүгүн, Кыргызстанга келээри менен ал журналисттерге маалымат жыйын өткөрөөрүн кошумчалады.
Урмат Барктабасовдун өкүлдөрүнүн жогорудагыдай маалыматын БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов жокко чыгарды. Анын пикиринде, Барктабасов тууралуу Казак бийлигинен алынган маалыматтардан күмөн саноо туура эмес:
- Бул документтердин баары расмий түрдө берилди. Чыны менен эле Бактабасов Казакстандын атуулу. Бул жерде менин оюмча, айрым адамдар Барктабасовдун кызыкчылыгын коргоп жатышат. Анын себебин мен түшүнбөй турам. Казакстандын бир атуулу келип алып бизди беш жыл бою расмий эмес түрдө бийледи. Эми дагы бир Казакстандын жараны расмий түрдө президент болсунбу? Бул туура эмес.
Ошондой эле Абдраимов Кыргызстандын Шайлоо кодексинин 58-беренесинде Кыргыз Республикасынын президенти болуп 35 жашка толгон, президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөнгө чейин өлкөдө 15 жылдан кем эмес жашаган атуул гана президент болуп шайлана алат деп жазылгандыгын айтып, Урмат Барктабасовдун жактоочуларынын жогорудагыдай билдирүүлөрү негизсиз экендигин кошумчалады.