Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

СОТ УРМАТ БАРКТАБАСОВДУН АРЫЗЫН КАРАЙ БАШТАДЫ


17-июнда Биринчи май райондук соту Урмат Барктабасовдун арызын кароого киришип, бирок ишти бул күнү акырына чыгара алган жок. Буга Борбордук шайлоо комиссиясы сунуштаган далил документтердин түп нускасынын жок болуп калышы негиз берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Урмат Барктабасовду талапкер катары каттоодон 13-июнда баш тарткан. Муну ал Казакстандын атуулу экендиги менен негиздеген. Бирок мындай чечимди жокко чыгарууну жана Барктабасовду талапкерликке каттоону БШКга милдеттендирүүнү сурап саясатчы бир күн мурун Биринчи май райондук сотуна кайрылган болчу. Урмат Барктабасов жетектеген «Мекеним - Кыргызстан» кыймылынын өкүлү Жеңиш Макзимовдун Бул тууралуу мындай дейт:

- БШК далил катары Казакстандын ички иштер министрлигинин 1963-жылы 14-сентябрда төрөлгөн Урматбек Барктабасовдун наамына Казакстандын паспорту берилгендиги жөнүндөгү документтин көчүрмөсүн сунуштаган. Муну БШКга Кыргызстандын ички иштер министрлиги берген.

Арызда көрсөтүлгөнгө караганда, бул көчүрмө жасалма болушу толук ыктымал. Анткени, анда документти кириштеген, чыгыштаган номерлери коюлган эмес жана көчүрмөнү нотариус күбөлөндүргөн эмес. Ага кошумча бул документ өтө ыкчам даярдалган, жөнөтүү мөөнөтү жекшемби күнгө туура келип калган:

- Мындай ыкчамдыкты Барктабасовго каршы атайы уюштурулган акция катары кароого болот.

Жеңиш Макзимовдун сотто билдиргенине караганда, Барктабасов Казакстандан атуулдук эмес, туруктуу жашоого гана уруксат алган:

- Барктабасов Урматбек Аскарбекович Казакстандын жараны эмес деген күбө кагаз бизге Астана шаарындагы ички иштер департаментинин миграция башкармалыгынан келди. Казакстандын миграция кызматы Казакстандын ички иштер министрлигинин структурасына кирбейт. Ошондуктан, туруктуу жашоо тууралуу чечимди өз алдынча кабыл алат.

Өкүл БШКны ошондой эле документтерди жетиштүү деңгээлде экспертизалык тартипте текшербегендиги үчүн сындап, мындай дооматтар соттун чечим чыгарышы үчүн негиз болуп бере албайт деп эсептеди.

Бирок, мындай негиздемелерге БШКнын өкүлү Гүлбара Калиева макул болгон жок. Соттун башталышында ал Алматыдан атайын байланыш аркылуу келген дагы бир катты ишке тиркөөнү сунуштады. Кат паспорт-визалык башкармалыктын наамына жолдонгон. Катка шилтеме берген БШК өкүлү сотто мындай маалымат берди:

- Казакстандын атуулунун 25-сентябрь 2003-жылдагы 014733120 номерлүү өздүк күбөлүгү жана Казакстан Республикасынын 25-сентябрь 2003-жылдагы 3921894 номерлүү паспорту документтештирилген.

Калиеванын айтымында, Барктабасовго байланышкан бардык документтер мыйзам чегинде чогултулду. Ушундай документтердин бири – Барктабасовдун жоголгон документинин көчүрмөсү. Анда Барктабасов 2003-жылы Казакстанга каттоого тургандыгы тууралуу белги коюлуп, андан чыккандыгы тууралу белги болгон эмес. Ага кошумча, Барктабасов мурдагы паспортун кандай жагдайда жоготкондугу да ачыкталган жери жок. 2003-жылдын сентябрынан тарта бир жыл «Астанаэнергосервис» акционердик коомун башкаргандыгы тууралуу да сотто маалымдалды.
Бул күнү сот жыйынтык чыгарган жок. Судья Жыргал Мурзалиеванын сунушуна ылайык дүйшөмбүгө чейин Барктабасовдун Казакстан атуулу экенин далилдөөчү документти БШК сотко сунуштамай болду.

Бул күнү нааразылык акциясына чыккан Барктабасовдун жактоочулары болсо аны президенттикке талапкер кылып каттамайынча тынчыбай тургандыгын билдиришти.

БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов ушул эле күнү Барктабасовго байланышкан маселени БШК кайра карабай тургандыгын айтты:

- Мага деле каттагыла, анткиле-минткиле деп көп басым болуп атат. Мен баарына каршы болуп атам. Мен мыйзамды аткарам.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG