Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

ӨКМӨТ ҮЙҮНӨ ЧАБУУЛ ЖАСАЛДЫ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Бүгүн Алатоо аянтына 5 миңге чукул адам чогулуп, президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраган Урмат Барыктабасовдун талапкер катары катталышын талап кылышты. Бул нааразылык чаранын катышуучулары өкмөт үйүнө чейин кирип барып, тартип коргоо органдары аларга каршы атайын каражатты колдонуп, күч менен таратышты.

Борбордук аянтка чогулган эл Курманбек Бакиевдин жана Феликс Куловдун жарым саатта эл алдына чыгышын талап кылышты. Ал убакыт ичинде өкмөт үйүнөн пикетчилер менен сүйлөшкөнгө эч ким чыккан жок. Саат 11лер чамасында 1000ге чукул адам өкмөт үйүн курчап турган темир торду бузуп өтүп, имаратка кирип барышты. Президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, ал пикетчилер менен сүйлөшүүгө чыгып бараткан маалда эл эчак кирип келип, аларды токтотууга алы жетпей калган.

Башаламандык башталып аткан маалда Феликс Кулов улуттук экономикалык форумда доклад окуп аткан, ал эми Курманбек Бакиев Чүй дубанында эл менен жолугушууга кеткен. Акүйгө кирип барган элдин бир бөлүгүн вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов сүйлөшүүлөр менен алып чыгып кетти десек болот. Ал пикетчилерди борбордук аянтка чогулууга көндүргөн. Өкмөт үйүнүн ичинде калган 500гө чукул адам бир саттай убакыт өткөндөн кийин борбордук эшиктен чууруп чыга башташты. Ал эми сыртта турган пикетчилер аялдарга кол тийгизип атат, КАМАЗ менен түрттүрүп кирип барабыз деп турушту.

Аңгыча өкмөт үйүнө кирип алган пикетчилер милиция кызматкерлеринин курчоосунда арткы дарбазаны көздөй жөнөштү. Аларга миркрофон сунганыбызда милициялар сабап, күч менен чыгарышты деп билдиришти:

- Имараттын ичинде толтура милиция. Биз тынч эле турсак, милициялар дубинка менен сабап киришти. Аялдарды да аяшкан жок. Бул эмне деген бийлик. Акаевден да жаман болду го. Жетинчи кабатка чейин көтөрүлдүк, чоңдордун баары качып кетиптир.

Милициялар пикетчилердин акыркы сабын чыгарып, темир дарбазаны жабуу аракетин кылып атканда, эл тараптан биринчи таш ыргытылды дагы, эки жактан тең таштар жаай баштады. Айрым пикетчилер милицияларга кол кайрып, алар да коргонуу иретинде дубинкалары менен чаап атышты.
Ушул маалда милиция артка чегинип, пикетчи балдар кайра өкмөт үйүнүн короосуна кирип, чабуулга өтүштү. Анан кайдандыр эле формачан эмес, кадыресе кийинген жигиттер пайда болду дагы, таш менен чабуулга өтүп, пикетчилерди кубалап чыгып, дарбазаны кулпулап коюшту.

Таш менен койгулашуу бүткөндөн кийин милициялардын саны да көбөйдү, алар атайын каражаттарды тартынбай пайдаланууга өткөндүгү байкалды. Окуя болуп аткан жерде Ички иштер министри Мурат Суталинов жүрдү, орун басары Өмүрбек Суваналиев да буйрук берип чуркап жүрдү.
Ушул маалда пикетчилерди күч менен таратуу операциясы башталды. Алгач милициялар пикетчилер топтошкон жактарды газ менен атып, андан кийин өздөрү чабуул коюуга өтүштү.

Пикетчилерди төрт тарапка сүрүп отуруп, милициялар пикетчилерди тараткандан кийин Ички иштер министри Мурат Суталинов журналисттерге бул пикетчилер акчага жалданган деп билдирди:

Эч кандай кайра келишпейт. Алар акчага элди чогултуп атышат. Түшүнсөңөр бул деген идея үчүн келгендер эмес, акчага жалдангандар. Идея үчүн келишкен болсо, азыр качып кетишмек эмес, макулсуңарбы?

Элди таратуу убагында мылтык атылгансып тарсылдаган үндөр чыгып атты. Бирок министр ок атылган жок, бул газ чачкан аппараттын үнү деп түшүндүрдү. Борбордук аянттан тараган газ өтүп бараткан элдин көзүн ачыштырып, жашын агызып атты.

Ошентип «Бакиевдин кадыры кетти», «Бакиевдин Акаевден айрымасы жок» деп кыйкырган пикетчилер чилдей тарап кетишти. Ал эми башаламандыкта сатуучусу таштай качкан «Шорону» шыпкап ичкен милициялар өздөрү аткан газга ачышкан көздөрүн ушалап аянтта калышты.

XS
SM
MD
LG