Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

АКШ КОНГРЕССИНИН КОМИССИЯСЫ БУУнун РЕФОРМАЛАРЫ БОЮНЧА БИР КАТАР СУНУШТАРЫН КИРГИЗДИ


Вашингтон Бириккен улуттар уюмун реформалоо иштерин жетектөөнү өз колуна алууга тийиш. Мындай сунушун АКШ Конгрессинин эксперттер тобу киргизди. Комисииянын ой-пикирлери бир катар маселелер боюнча Улуттар уюмунун баш катчысы Коффи Аннандын жыл башында жасаган докладына үндөшүп кетет. Бирок байкоочулар, комиссия республикачылдар менен демократтардан куралгандыктан, анын отчету Ак Үйгө көп таасир тийгизе албайт дешет.

Структаралык жана жетектөө тармагындагы кемчиликтер БУУнун ишине, аброюна чоң залака тийгизүүдө. Ушундай тыянакка келген комиссиянын жетекчилери мурдагы сенатор Жорж Митчел жана экс-спикер Ньют Грингич Вашингтон администрациясы уюмду сактап калууга кол кабыш кылууга тийиш деп билдиришти:

- Улам кайталанып келген жаңжалдар, көптөгөн каталар менен кемчиликтер чара көрүү керектигин көргөзүүдө. Андай болбосо, бир күнү БУУ ага жүктөлгөн милдетин аткара албай калат, - деген Гингрич уюмдун Ирактагы мунай программасынын, Конгодогу көп улуттуу күчтөрдүн айланасындагы жана башка жаңжалдарды атай кетти.

Комиссия бир катар сунуштарын да киргизди. Маселен, көз карандысыз аудитордук топ түзүү, уюмдун бюджетине эң көп салым кошкон мамлекеттерге көбүрөөк укук берүү, адам укуктары боюнча комиссиянын ордуна демократия принциптерин, мыйзамдуулукту урматтаган өлкөлөрдөн куралган орган негиздөө сунуш этилет.

Ар бир өкмөт өз жарандарын геноцидден, массалык кыргындан, адам укуктарын бузуулардан коргоого тийиш. Буш администрациясы ушундай чакырык менен мүчө малекеттерге кайрылышы керек, - делинет докладда.

Митчел бул – документтин эң урунттуу жери деп эсептейт:

- Өз эли алдындагы жоопкерчиликтен баш тартуу өтө кооптуу чекке жеткен кезде улуттардын коллективдүү жоопкерчилигинин ролун эч ким тана албайт. БУУнун Коопсуздук кеңеши ушундай учурларда кийилигишүүгө тийиш. Кеңештин аркеттеринен майнап чыкпай калган кезде, уюмдун мүчөлөрү ага макул болуп, жөн отуруп калбашы керек.

Топ Коопсуздук кеңешин кеңейтүү идеясына кошулбайт. Бирок калган приоритеттүү маселелерде комиссиянын пикири БУУнун баш катчысы Кофи Аннандын жылдын башында жасаган докладына төп келет. Улуттар уюмунун маалымат катчысы Фред Экхард Кошмо Штаттардын отчетун кубаттады:

- Аннан бир катар сунуштарды колдойт. Кошмо Штаттардын калган мүчө мамлекттер, БУУнун кызматкерлери менен биргелешип иштөөсү реформалардын жакшы пайдубалы болуп калмакчы.

Ошол эле мезгилде уюмду камтамага салган дагы бир жагдай бар. Таасирдүү конгрессмендердин бири Генри Хайд Улуттар уюмун реформалоо натыйжасыз болсо, АКШ мүчөлүк акысын 50 процентке азайтууга тийиш деген сунуш киргизген. Бирок бейшемби күнү Конгресс анын сунушун четке какты.

Ак Үйдүн басма сөз катчысы Скотт Маклеллан жаңы отчеттун өзгөчөлүктөрүн комментариялоодон баш тартты:

- БУУнун реформалары боюнча кеңири консенсуска жетишилди деп ишенимдүү болгубуз келет. Коффи Аннан жөнүндө айта турган болсок, баш катчы уюмдун эффективдүү болушу үчүн аракеттенип келген жана андай аракеттерин улантууда.

Конгресс комиссиянын докладын эмки жумада талкуулайт.

XS
SM
MD
LG