Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

ӨКМӨТ ҮЙҮНӨ ЧАБУУЛ ЖАСОО АЛДЫН-АЛА ДАЯРДАЛГАН


17-июнда болуп өткөн Бишкектеги окуялардын артында кимдер турат, Өкмөт үйүнө кирип баргандарды көкүткөндөр кандай максатты көздөшкөн? Ишембиде жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн маалымат жыйынында мына ушул маселелер козголду. Экинчи тарап мындай максатты көздөбөгөнүн айтууда.

Чет өлкө жараны деп президенттик шайлоо марасынан четтетилген У. Барктабасовду жактоочулардын Өкмөт үйүнө кирип барышынын, дымактуу саясий талаптарды коюп чыгышынын артында Кыргызстандагы абалдын турукташып баратканын көрө албаган күчтөр турат, деп маалымдады вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов.

- Бүгүнкү контрреволюция кыргыз элинин акчасын уурдап алгандар тарабынан жасалды. Элдин акчасын уурдап алгандар уялбастан эле аны калкка каршы ишке жумшашты.

У.Барктабасов жетектеген «Мекеним – Кыргызстан» кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсү Чоюн Өмүралиев негизинен 4 талап менен келишкенин айтып, Өкмөт үйүнө кирип баруу максаты жок экенин айтты:

- Бизде негизинен 4 мыйзамдуу талап, башка эч нерсе. Эл кандай болуп кирип кетти, эмне болуп кетти, биз өзүбүз да маң болуп калдык. Бул жерде башка күчтөр аралашып кеткен сыяктанат.

Жаңы өкмөттүн иш-аракетин жактырбагандардын анабашында Аскар Акаевдин өзү турганын 17-июндагы маалымат жыйынында өкмөт башчы Курманбек Бакиев ырастаган.

- Акаевден мындай иштерди жасоону токтотушун талап кылуу керек. Бирок аны башка адамдар угабы же жокпу – мунусун мен билбейм. Антсе да мен аны эскертип коюуну туура көрүп жатам. Сүйлөшсүн, эгер адамдар аны укпаса жасаган иштери үчүн өздөрү жоопкерчиликти тартышат.

Данияр Үсөнов Урмат Барктабасовдун адамдары айыл-айылга барып, элге үстөк пайызы жок кредит таратып, шайлоодо баарын чийип, жыйынтыгын жокко чыгаруу аракетин көрүп келишкенин билдирди:

- Булар даярдыкты бир ай мурун көрүшкөн. Биз муну билебиз. Айыл-айылга барып, 10 миңден 50 миң сомго чейин үстөк пайызсыз кредиттерди беришкен. Ошондо алар айтышкан: «Шайлоого барбасаңар карызыңарды жойдук. Бакиевге каршы добуш берсеңер карызыңарды жойдук. Көчөгө чыксаңар карызыңарды жойдук» дешкен.

18-июндагы маалымат жыйынында билим министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу жаңы кыймылдын идеологдору белгилүү экенин айтты:

- Идеологдоруна чейин биз билебиз. Бул мурдатан, күн мурунтан даярдалган аракет.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Өмүрбек Субаналиев кыймылдын идеологдоруна каршы иш-чаралар көрүлө тургандыгын ырастады.

- Эки күндөн бери бизде ушундай маалымат бар болчу. Булар ушундай акчанын күчү менен төңкөрүш кылабыз деген. Ушунун баары мыйзам бузуу.

Өкмөт башчы К.Бакиев окуяны алдын-ала көрө албаган коопсуздук кызматына ичи чыкпаганын 17-июндагы маалымат жыйынында билдирип, жакын арада бул маселе караларын билдирген эле.

- Шайлоочулар менен жолугушууну токтотуп келгеним ушул болду. Булар менен бүгүн-эртең, кимиси кандай иш жасады, эмне үчүн жасай турган жумуштарды жасаган жок. Алар боюнча сүйлөшөбүз, жоопкерчиликке тарта турганын тартабыз.

15 жылга созулган А.Акаев бийлиги кулатылгандан кийин Кыргызстанда күчтүүнүн өкүмзордугу жүрүүдө. Сүрмөтопту ээрчитип келип кайсы бир имаратты, бийликти ээлеп алмай, басып алмай, талап алмайлардын күнү тууп, андан калк да, жаңы бийлик да тажады. К. Бакиевдин өкмөтү мыйзам тартибин орнотуу аракетине өтөөрүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG