Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:50

17-ИЮНДАГЫ ОКУЯДА КАРМАЛГАНДАРГА АДМИНСТРАТИВДИК ЖАЗА БЕРИЛДИ


17-июнда Өкмөт үйүн басып алууга аракет кылган деп кармалган 300гө чукул адамдын ишин сот карап, административдик жаза берилди

17-июнда кармалган 270 адамдын 220сы Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын кабыл алып бөлүштүрүү жайына, калганы башкармалыктын убактылуу кармоо жайына камалган. Шаардык ички иштер башкармасынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 233, 295 жана 297-беренесине ылайык «Массалык башаламандык түзгөн», «Бийликти күч менен тартып алууга аракет кылган» жана «Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырган» деген айыптар коюлуп, административдик иш козголгон. Алардын мындай аракеттерге баргандыгын далилдеген плакаттар, транспаранттар, газ менен иштөөчү куралдар жана автомобиль алынган. Элди мындай аракеттерге үндөп, уюштурган деген кине менен президенттикке талапкер болууга умтулган Урматбек Барктабасовго каршы кылмыш иши козголуп, камакка алууга буйрук берилди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын кабыл алып бөлүштүрүүчү жайына жиберилген 220 адамдын ким экендиги 18-июнда аныкталды. Жайдын жетекчиси Окен Анарбеков ал тууралуу мындай дейт:

-Бүт баары каттоого алынды. Баарынын бармактарынын издеринин сүрөтү алынып, баары сурамжылоодон өткөрүлдү.

Окен Анарбековдун айтымында, кармалгандардын 60-70 пайызы бирөөлөр акча беребиз дешкенинен алданып келиптирбиз деп түшүндүрмө жазып беришкен. Айрымдары Урмат Барктабасовду президенттикке талапкер кылып каттоо талабы менен тынч митингге катышуу үчүн келгендигин жашырышкан эмес. Алардын бири Асыл Молдабаева буларга токтолду:

-Мен Балыкчы шаарынан келгем. Урмат Барктабасовго президенттикке талапкер деген укук берилсин деген талап менен тынч митинг өткөрүүгө келгенбиз.

18-июнда Биринчи Май райондук сотунун көчмө жыйыны кармалгандарга ачылган административдик иштерди карап, баарына эскертүү берди. Бирок кармалгандардын көбү соттун бул чечими менен макул эмес. Алардын айтуусу боюнча эч кандай пикет, митингге катышпай эле көчөдө бара жаткан жеринен милиция зордоп кармап, резина таяк менен сабап алып кеткен:

- Мен Калиева Нуржахан. Мен таптакыр башка иш менен эле жүргөм. Кайнагам республикалык ооруканада жаткан. Ошого барып, ооруканадан чыгып келатканда эле 20 милиция туруптур, алар «Каяктыксың?» деп сурашты. «Балыкчыданбыз» десек эле пикетти уюштуруучуларсыңар деп, резина таяк менен сабап туруп салып кетишти. Кечээтен бери ушунтип айтып жатып, далилдей албай койдум.

- Мен Таалайгүл Ажыбаева, Бишкектин тургунумун. Москва көчөсү менен кечки саат беш жарымда кетип баратканбыз. Бир убакта милициялар аялдарды кууп келатышыптыр. Биз аларды карап, таңыркап туруп калсак ал жерде турган экөөбүздү кошуп сүйрөп салып кетишти.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчиси Өмүрбек Субаналиев кармалгандардын мындай дооматын негизсиз деп четке какты:

-Аларды эч ким сабаган жок. Аларды цирктин жанында маршруттук таксиде отурган жеринен кармап, ошол эле маршруткасы менен кабыл алып бөлүштүрүүчү жайга алып барганбыз. Урду, сабады деген сөздөрдүн баары калп. Анткени, материалдардын баары ошол жерде топтолуп, видеотасмага тартылды. Урду, сабады деп революцияга каршы күчтөрдүн айткан дооматы болот. Андай эч кандай иш болгон эмес.

XS
SM
MD
LG