Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

ҮСӨН СЫДЫКОВ: «ӨЛКӨДӨ ЧУУЛУ ОКУЯЛАРДЫ УЮШТУРУП ЖАТКАН АТАЙЫН КҮЧ БАР»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Жакында Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө чырлуу окуялар, кадрдык саясаттагы чалкештиктер үчүн Президенттик админстрациянын жетекчиси Үсөн Сыдыковду күнөөлөп чыгышты жана аны кызматтан четтетүүнү талап кылышкан токтом кабыл алышып Курманбек Бакиевге жолдоду. Ал эми Үсөн Сыдыков Акаевдин режимин сактап калууну көздөгөн, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшкө тоскоол болгусу келген, катуу тартиптин орнотулушун каалабаган күчтөр күрөшүүнүн ушундай жолун тандап алды деген пикирде. Анын «Азаттык» радиосуна куруп берген маегинин айрым урунттуу жерлерин сунуш кылабыз.

- Үcөн мырза, акыркы мезгилдердеги Бишкектеги, ошондой эле Оштогу чуулгандуу окуялардын бардыгын сизди уюштуруп жатат дейт, анын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Биринчиден республикада тынчтык болуусуна биз кызыктарбыз. Ошон үчүн бүгүнкү күндө мамлекеттин башында Курманбек Салиевич, администрацияны жетектеп мен отурам. Ар кандай радио, теле аркылуу сөздөр болууда булар уюштуруп жатат деген. Мындай акыл менен караганда өзүң отруган жерге өзүн чок саласыңбы? Бул эч бир логикага туура келбейт. Мисалы, Карасуу базары боюнча, бул ошол базардын ээлеринин ортосундагы болгон талаш. Ошонун ичинде карапайым эл катышып, алардын куралы болуп атат. Бул жагынан туура эмес экендигин бүгүн биз администрацияга, губернаторго маселе коюп, токтотушун талап кылып атабыз, бул биринчи жагы. Экинчиден, “Алай” мейманканасы боюнча түзүлгөн акыбал. Алай мейманканасында түзүлгөн акыбал, өзүңөр көрүп тургандай, бул жерде мамлекет бүт өзүнүн күчүн эки жактын карама-каршылыгын токтотуш үчүн аракет болууда, түндөп-күндөп ошол жерде милиция турду мейманкананы коргоп, басып албасын деп. Ушуну дагы “Алай” мейманканасынын кожоюну катары Баяман Эркинбаев, бул жерде Сыдыковдун колу бар, ушул уюштуруп атат, деп атат. Мен чынын айтайын, эгерде мен криминалдык структура менен, же болбосо туура эмес багыт алган болсом, 15 жыл бекер жүрдүм эле, мен ошондо эле көтөрүп чыкмакмын.

- Паралменттин сессиясында Баяман Эркинбаев, андан башка дагы бир топ депутаттар айтты, Оштогу ызы-чуунун бардыгын сизди күйөө балаңыз аркылуу ар бирине акча төлөп уюштуруп атат деп. Акча төлөп уюштуруп атканыңыз чынбы?

- Мен гезиттен окудум, ушул маселе боюнча да айтышты. Мындай арам маселеге мен эч качан акча короткон эмесмин, коротпойм дагы. Арам ойдогулар арам оюн айта беришет. Азыр депутаттардын көбү ар түрдүү сөздөрдү сүйлөп атат, бирок анын негизи жок. Ошону менен алар элдин алдында абийир алган жок, тескерисинче өздөрүнүн даражасын төмөндөтүп атат. Бул жөнүндө мен дагы кайталап айтат элем, бул криминалдык структуранын ортосундагы “разборка”. Буга бизди аралаштырбасын. Мамлекеттин жетекчилери биз ага эч качан барбайбыз.

- Үсөн мырза, Жогорку соттун алдында эки айдан бери нааразычылык акциясында турган адамдарга күнүнө сиз 300 сомдон берип, ошол жерди өзүңүз уюштуруп атыпсыз деген пикирди көптөгөн маалымат каражаттары да, депутаттар дагы айтып атышат. Бул тууралуу эмне дейт элеңиз?

- Жогорку соттун алдында турган кишилер алты округдун күйөрмандарынын адамдары. Буларды тынчытуу үчүн мен күнүгө үч маал аларды кабыл алам, алар өз дооматтарын айтып келишет. Жогорку сот эки жумадан бери иштеп атат. Бул жерде имаратка Жогорку соттун төрагасы К. Осмонов менен сот системасында анча-мынча туура эмес чечкен судьялар киргизилбей жатат, калганы баары иштеп атат. Мурун дагы биз кирип, сот жакшы иштеш керек, бир топ түрмөдө отурган кишилер бар, актала турган кишилер бар, ошон үчүн сот өз ишин токтотпош керек деп К. Осмонов биринчи барганда, эл аны кууп, Осмоновго каршы турушуп, калганын да имаратка киргизбей койду. Андан кийин элдин ачуусу тарагандан кийин, кайра сот иштеп атат. Ошондон тышкары кээ бири айтып атат, Конституцияга каршы келген чечимге К. Бакиевди кол койдурду Сыдыков деп. Ошол эле отурган алты округдун өкүлдөрүнүн суроосу боюнча комиссия түздүк. 26 судьяны чакырып, Осмоновдун өзүн катыштырып, Сарыгулов баш болуп отуруп, Осмонов менен бирдикте алты кишиден турган комиссия түзгөнбүз. Ошол комиссия округдардагы өткөн соттук чечимдерди карап чыгышты. Ошондогу кемчилдигин, туура жагын аныктап алар бизге атайын справка берди. Бул маселеде элдин талабын аткарыш керек. Сүйлөшкөндө кээ бири ачык айтып атат, акча берип элди көтөрүп келгендер депутаттардын арасынан чыгып атат деп. Демек, анча-мынча президенттикке талапкер болгон кишилердин арасынан чыгып атат. Акча берип, элди көтөрүп бизди тынч иштегенге мүмкүнчүлүк түзбөгөнүн жалпы Кыргызстандын эли көрүп турат. Эгерде Осмонов жигит болсо, өзүнүн берген арызы боюнча, элдин талабы боюнча чечим чыгарып, өзүнчө элдин алдына чыгып коюш керек болчу. Чыккан жок бүгүнгө чейин пикетте турган адамдардын алдына. Эмне үчүн биз күнүгө чыгабыз, ал чыкпайт? Себеби биз өзүбүз элдин алдындагы кетирген кемчилигибизди дагы, жасаган ишибиз боюнча дагы отчет бергенге кудуретибиз жетет.

- Cизди ошондой эле кадрдык саясатта туура эмес жагдайды жаратып атат, өзүнүн туугандарын майлуу орундарга коюп атат, ошондой эле өзүнүн уулун “Манас” аэропортуна президенттин орунбасары кылып койду деп мына жакында эле маалымат каражаттары ал жөнүндө да жазды. Мына ушундай кадрдык саясатта ушундай чалкештиктер чын эле сиз тарабынан жүргүзүлүп атабы?

- Эмне үчүн атын атай алышпайт, мен кайсы тууганымды кайсыл жерге койгонумду. Ооба, уулумду «Манас» аэропортунун президентинин орунбасарына койдук. Себеби, он беш жыл мамлекеттик кызматка иштеткеним жок. Менин уулум Москвадагы Бауман университетинин авиакосмикалык факультетин бүткөн. Аны адистиги боюнча койдум. Эгерде мугалим болсо мектепке коет болчумун балким, же болбосо билим министрлигине жибермекмин. Он беш жыл иштеген жок мамлекеттик кызматта, ал да иштеш керек да. Ушул балага зыян болбосун, менин артыман жаш өсүп келаткан бала шагы сынып калбасын деген максат менен жүрдүм. Ага кызыккан адам болсо, дипломун көрсүн. Кимисинин уулунун ошондой диплому болсо, мен даярмын ошонун жанына алып барып отургузуп койгонго.

- Эмне себептен бүгүнкү күндө депутаттар сизге көбүрөөк сын-пикир айтышып, анан өткөндөгүдөй өзүнүн токтомун кабыл алып Бакиевге жөнөтүштү. Мына ушул токтомдун негизинде сиз кызматтан кетишиңиз мүмкүнбү?

- Бул маселенин чыгышы мындай – Баш прокурор Азимбек Бекназаров Өмүрбек Текебаевге бүткүл шайлоо округдарындагы туура эмес өткөрүлгөн, акча менен өткөн округдар боюнча бүт депутаттарга кагаз таркатып берген. Ошол жерде 32 округ бар. Ал эми бул жерде журналистканын гана катасы болуп калды, 32 округда ушундай болгон, Жогорку Кеңеште бул талкууланган, гезиттерге чыккан деген сөздү айтуу менен бирге мен айттым 12 округдун маселеси бүгүнкү күндө соттордо отурат, 12 округ боюнча бүгүнкү күнгө чейин чечим болгон жок, кээ бирлери сот аркылуу келип алышып кайра эл шайлаган кишилерден өзүн жогору сезип атат, ал эми депутат катары закон менен отуруп иштегендин ордуна деген сөздү айткам. Мына ошого алар баягы он экинин ордуна мени менен маек уюштурган кабарчы отуз эки депутат деп жазган экен, андыктан депутаттар отуз экинин фамилиясын атасын дептир. Ал эми отуз экинин фамилиясын ошол округдар боюнча өздөрүндөгү Азимбек Бекназаров таркатып берген документтен карасын, ошондо көрүшөт алар кимдер. Демек, алар бүгүнкү күндө өздөрүнө күмөн санагандар. «Корккон мурун муш көтөрөт» дегенден чыгып атат. Себеби парламентти таркатат экен, шайлоодон кийин бул парламент болбойт экен, жаңы парламент болот экен деп. Мына мен 25 жыл депутат болдум, биз эч качан эртең таркайбыз деп коркуп иштеген эмеспиз. Тескерисинче, биз айтканбыз керек болсо мамлекеттик багытта туура эмес иштер жүрүп, депутаттар талап коюп чечилбесе, парламентти өзүбүз таркатабыз деген фактыларды коюп жүргөнбүз. Бүгүн бизди таркатат экен деп корккон өзү туура эмес. Ал эми кадр саясатында, өзүң билесиң, ошол эле депутаттардын ичинен бир тобу өздөрүнүн тууган-уругун коюп бер деген суранычтар бар. Баарын аткарыш мүмкүн эмес экен. Же адистиги, же деңгээли туура келбейт. Ошого карата татыктуу кишилерди коюп атабыз. Бир эле менин колумдан чыкпайт кадр маселеси. Кадр маселесинин өкмөт тарабындагысы бардык вице-премьер-министрлер менен акылдашып коюлат. Ал эми президент тарабынан коюла тургандар, бул жерде Мамкатчы бар, Президенттин милдетин аткаруучу бар, бөлүмдөр бар, ошолордун баары менен макулдашып коюлат. Ошодуктан биз бүгүн Акаевдин командасы дегенге карабастан кээ бир татыктуу кадрларды кармап иштетип атабыз. Ал эми анча-мынча кадрларды алмаштырууга туура келди. Алар менен иштешүүгө мүмкүн эмес. Он беш жылдын ичинде ким эмне иш кылганын Башкы проркурор, мамлекеттик комиссия аныктап, анан радио, телевидение аркылуу айтылып атпайбы. Ошонун ичинде саркындылары көп жерде бар, мамлекеттик кызматта да, депутаттардын арасында да бар он беш жылдын ичинде Акаевдин тегерегинде уурулук кылып, элдин мүлкүн уурдагандар. Аларга бүгүн биз түз айтканыбыз, ушундай саясат жүргүзгөнүбүз жакпай атат. Кадрда эмес, анын тереңинин ары жагында. Ал эми бошотуш-бошотпос жөнүндө Бакиев президенттин милдетин аткарып атат, ал өзү карап көрөт. Ал эми Жогорку Кеңештин токтому өзү адепсиз токтом. Администрация президентке ошондой баа бере турган, бүгүнкү менин мойнума коюп аткан, өздөрү жөнүндөгү айтылып, мен ошондой айткан, жазгам болсом дагы ушундай чуу кылыш өзү деңгээл эмес деп эсептейм.

- Сиздер бийликке келдиңиздер, бирок администрациянын аткарып аткан кызматы мурдагы Аскар Акаевдин режиминдегидей эле эч өзгөрбөстөн калып калды. Качан жаңы багытта, жаңыча иш жүргүзөсүздөр? Көбүнчө сиздерге нааразычылыкты туудуруп аткан Үсөн Сыдыков келип, дагы эле өзүнүн эски ыкмасы менен иштеп атат деген сөздөр болуп атат. Мына ушул багытта кандай жаңы иштерди жүргүзөт элеңиздер?

- Администрациянын иши бул өзү көп кырдуу жумуш. Мен чынын айтайын, бүгүнкү күндө биз көп маселени ойлонуп, шайлоо өткөндөн кийин ишке ашыралы деген ниетибиз бар. Биринчиден, администрация болобу, президент болобу, Жогорку Кеңеш болобу бүгүн биз Кыргыз мамлекетинин экономикасы жөнүндө ойлонушубуз керек. Экономикасыз кур кыйкырык менен эч нерсе болбойт. Ошон үчүн бүгүн экономика багытында бир топ иштерди жасап атабыз. Биринчиси, энергетика маселесин колго алып жатабыз. Мына ГЭСтердин курулушу боюнча инвесторлор изделип, өкмөт ошол боюнча иштеп атат. Андан тышкары экинчи маселе, биздин тоо кен өнөр жайы, ошондой эле кен байлыктар боюнча, буга чейинки Кумтөргө окшогон кен байлыктарыбызды талануучулукка учураганын токтотуш маселесинде, анча-мынча кен байлыктарды иштетүү маселесинде иштеп атабыз. Үчүнчүсү, айыл чарбасы боюнча каттоо. Себеби, айыл-чарбасы Кыргызстандын бүгүнкү негизги ВВПнын 47 пайызына чейин түзөт. Төртүнчү негизги маселе, бул жумушсуздук. Мына жакында атайын президенттин Указы чыгат, эмгекке жарактуу адамдарды иш менен камсыз кылуу маселеси боюнча. Бул боюнча программаларды иштеп чыккан атабыз. Бир эле кадрды чечип коюп эле, кол куушуруп отурган жерибиз жок, администрацияда көп кырдуу келечек үчүн негиз боло турган маселелерди карап атабыз. Эң акыркысы шайлоодон кийин жалпы республикадагы административдик-территориалдык жана башкаруу структура боюнча дагы чоң маселе карап, иштеп атабыз. Булар кадр дайындап коюп жөн эле отурат окшойт деген ойдо болушу мүмкүн. Биз Акаевдей эки жылда Швейцария кылабыз деген жерибиз жок. Курманбек Салиевич туура айтып атат, 2-3 жылдын ичинде Кыргызстанда болгон өзгөрүүнү эл өз турмушунда сезет деген сөздү айтып атат. Мен да ошону кубаттайм. Ошондой болот сөзсүз Кудай буюрса.

- «Азаттык» радиосуна куруп берген маегиңиз үчүн чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG