Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

КУРМАНБЕК БАКИЕВ ӨКМӨТ БАШЧЫЛЫК МИЛДЕТИН ШАЙЛООГО ЧЕЙИН ТОКТОТТУ


20-июндан тарта Кыргызстандын президентин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев өкмөт башчылык кызмат укук милдеттерин убактылуу токтотуп, эс алууга кетет. Курманбек Бакиев ага негиз берген жардыкка 19-июнда кол койду.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев премьер-министрлик укук милдетин президенттикке талапкер болуп катталгандыгына байланыштуу Шайлоо Кодексинин талабына ылайык өткөрдү. Бул тууралуу 19-июнда кол койгон жардыкта өкмөт башчылык милдети президенттик шайлоо күнү бүткөнгө чейин токтотула тургандыгы белгиленди. Президенттин милдетин аткаруучунун басма сөз катчысы Авазбек Атахановдун айтымында, өкмөттүн ишине жетекчилик кылуу вице-премьер-министрлерге жүктөлдү:

- Кыргыз республикасынын президентинин милдетин аткаруучунун 19-июнда чыккан жардыгына негизделүү менен Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри жана вице –премьер-министрлери өз милдеттерин президенттин 2005-жылдын 7-июнундагы буйругунда белгиленген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык аткара тургандыгы белгиленди.

Премьер-министр Курманбек Бакиевдин мындай чечимин президенттик шайлоо Шайлоо Кодексинин талабына ылайык өтүп, мыйзамдуулук үстөмдүк кылуусун талап кылып жаткан жарандык коом жылуу кабыл алды. Ал тууралуу бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов мындай дейт:

-Биз Курманбек Бакиевге «Сиз шайлоонун адилет өтүшү үчүн Шайлоо кодексининин талаптарын толук жана так аткарышыңыз керек» деп кайрылганбыз. Албетте, биз бул жаңылыкты колдойбуз. Анткени, шайлоонун мыйзамдуу, адилет өтүшү үчүн толук шарт түзүү керек.

Курманбек Бакиев 17-июнда өкмөт үйүн басып алуу аракети болгондон кийин премьер-министрлик кызматын өткөрүп берүү маселесин карап көрө тургандыгын, себеби, ал эс алууда жүргөн кезде өлкөдө башаламандык болуп кетүүсүнө жол бербөө керектигин билдирген болчу. Ушундан улам коомдо өкмөт башчынын эс алууга кетүүсү өлкөдөгү шайлоо алдындагы жалпы саясий кырдаалга кандай таасир берет деген түпөйүл ойлорду жаратты.

Бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун баамында азыр өкөдө саясий башаламандык болуп кетет деп тынчсызданууга негиз жок:

- Менин оюмча, 17-июндагы окуя экстремисттик күчтөргө жана ар кандай ой менен бийликти басып алам же кыргыз элин коркута алам деген адамдарга эч кандай жол берилбесин көрсөттү жана алар үчүн чоң сабак болду. Азыркы учурда бийлик менен мамлекеттеги бардык элдердын ынтымагы бекем.

Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын башчысы Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, өлкөдө саясаттан тыш да ар кандай башаламандык болуп кетет деп кооптонууга негиз жок жана тартип коргоо органдары мындан ары андай иштерге жол бербөөнү алдына милдет кылып алды:

- Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жана жалпы республикада кырдаал туруктуу. Анткени, Урмат Барктабасов жана анын айланасындагы адамдар саясий туруктуулукту бузууну максат кылган болчу. Урмат Барктабасов менен анын тилектештеринин баарынын бир мүдөөсү президенттик шайлоого тоскоолдук кылып, аны болтурбай коюу эле. Азыр аны биз издеп жатабыз, кармасак эле камалат. Саясий туруктуулукту бузабыз деген калган күчтөрдүн баары тартип коргоо күчтөрдүн көзөмөлүндө турат. Алар ушундай дагы бир иштерге бара турган болсо, анда аларга карата мыйзамдуу чара көрөбүз.

Мындан тышкары Бакиевдин өкмөттүн ишин жеке бир орун басарына эмес, жалпы вице-премьер-министрлерге тапшырып кетиши өкмөттүн ишин аксатып койбойбу деген карама-каршы пикирди пайда кылууда. Экс-тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин айтымында, мындай чечим Кулов менен Бакиевдин тандемине каршы болгон адамдардын аракетин күчөтүп жибериши мүмкүн. Ошон үчүн экөөнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуунун ишке ашышы өтө зарыл:

-Кырдаал ар кандай. Экөө кол койгон келишим аткарылышы керек, анткени, алардын тегерегинде башка адамдар бар.

XS
SM
MD
LG