Азыр Маскөө калаасынын жанында жашап аткан Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев алтынчы күнү орусиялык биринчи каналдык сыналгы менен кыска кайрылуу жасап, жума күнү Бишкекте өкүмөт үйүнө кирип барып, тополоң салгандарга анын жана анын бүлөсүнүн эч кандай тийешеси жок экенин айтты:
-Кечөө Бишкекте болгон окуяга менин, менин балдарымдын: уулумдун, күйөө баламдын эч кандай тийиштиги жок.
Кыргызстандын ички турмушуна тийиштиги бар мындай жарыяны орусиялыктар көңүл кош кабылдашты. Кыргызстанда ордо калаада чыккан тополоң, болгону президенттике талапкерлерди каттоодон улам чыкканын, каттоого илинбей ошондон улам ич оорусу бар Урматбек Барктабасовдун жактоочулары көчөгө чыгуу уюштуруп, аягы күүлөнүп алышкан немелер, көөдөнгө салып Ак үйгө кирип баруу менен аяктаганын, ошол себептүү 40-дай киши какыс-кукус токмок жеп, 300дөй киши кармалганын орусиялык сыналгы көрүүчүлөр жакшы билбейт эле. Ошол себептүү Акаевдин сыналгыдан чыгып сүйлөшү кыйланы таң калтырды. Бирок алардын катарына саясий тамыр тартчуларды кошуп болбойт эмеспи. Ачыгын айтканда, Шериктештик алкагында мамлекеттер ички абалы айрыкча, «түстүү ыңкылаптар» баш баккан өлкөлөр, алардын бири – Кыргызстандын ички жагдайы аларды абдан эле кулак түргүзөт.
Андай анализчилер бири Юрий Ханжин мурдагы президенттин жарыясын дал ушундай болушу керек эле, эми анын өзүнө бир суроо менен кайрылуу керек дейт:
Табыйгы нерсе. Мен, маселен, ири өлчөмдөгү акча уурдап алсам кийин мен чына эле ал акчаны уурдагамын деп айта аламбы? Анын жашоо турмушуна карап көргөн оң. Мына, анын үч кабат үйү бар. Машинелери көп. Байлыгы катар-катар жыйылып турат. Ушунча дөөлөт кайдан келди? Кайсы акчага келди? Акаев мырзага дал ушул суроо менен кайрылуу керек. Президент алуучу маянага мынча дөөлөттү эч убакта сатып алуу мүмкүн эмес. Кызык жери мына ушунда.
Кыргызстандагы азыркы кезди орусиялык дагы бир саясий анализчи кадыресе нерсе катары баалайт. Алексей Малашенконун баамында демократиялык жолго түшкөн мамлекеттерде мындай көрүнүш болуп туруучу нерсе, бирок азыр бийликке келген мурунку акаевдик бийликке оппозиция тарап, өлкөдө жагдайга кожоюн экендигин көргөзө алыш керек, андай болбогондо оңой жеңип алынган жеңиш оңой колдон чыгарып кетиши мүмкүн:
- Азыр, түбү жүрүп Кыргызстандын тагдырын чечүүчү оор, мурдагы кур кыялданууга окшобогон, бекем киришип, жумуш иштөө кези башталды. Бирок менин баамымда, дегинкиси, Кыргызстандын жаңы лидерлеринин колунан бул жумуш келүүчүдөй көрүнөт.