Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

РЕВОЛЮЦИЯ – КОНТРРЕВОЛЮЦИЯ, КИЙИНКИСИ БЕЛГИСИЗ


17-июндагы окуяларга чейин жаңы өкмөт пикет, көчө жыйын, басып алмайларды, дегеле чаташ маселени тынч, сүйлөшүү жолу менен чечүүнү жактап келсе, У.Барктабасовдун жактоочулары Акүйгө кирип баргандан кийин мыйзам бузуучуларга каршы катуу чаралар көрүлө тургандыгын айтып чыкты. Акүй эрте жаздан бери нааразы тараптын өктөм маселесин тартынбай билдирүүчү жайга айланып баратат.

Парламент депутаты Кубатбек Байболов жаңы өкмөт элдик ыңкылапты аягына чейин чыгара алган жок деп эсептейт. Бийлик толугу менен жаңыланган жок, калк нааразылыгын жараткан маселелердин кыйласы чечилбей эле калды. Баарынан өкүнүчтүүсү, алдыдагы шайлоого кылчактаган жаңы өкмөт толгон-токой мыйзам бузууларга көз жумду кылып, ыңкылапка кол кабыш кылгандардын ыгынан чыга албай келди.

Революция өзүн коргой алганда гана максатына жетет. Жаңы өкмөт ыңкылапка каршы аракет жасагысы келгендерди аянттан ары сүрүп таштап, бийликтин күчүн көрсөтө алды, дейт К.Байболов.

- Революция мурунку бийлик системасынын белин очорултпай койбодубу. Ошол мурунку режимдин бийлик системасы сынбай, талкаланбай, жаңы бийлик системасы, жаңы революциялык бийлик системасы орнобой калды, деп сындап атам. Ошондуктан жанагы 17-июнда болгон окуяга биздин мамлекеттик система тарабынан көрүлгөн чаралар туура деп жатам. Ушундай контрреволюциялык аракет болбосун үчүн 24-марттагы талоончулардын, баскынчылардын өпкөсүн үзүш керек болчу. Андан кийин жер-жерлердеги бийлик басып алуучулардын, ок атып аткандардын менчикти мыйзамсыз басып аткандарга чараларды колдонуу керек болчу. Ошондо Акүй басылып алынмак эмес.

Жогорку Кеңештин коопсуздук, коргонуу, тартип сактоо маселелери боюнча комитет жетекчиси Тынычбек Акматбаев кийинки кездери жайылып кеткен басып алмайчылыкты токтотуп, жаңы өкмөткө иштөөгө мүмкүндүк берүү керек, деген пикирде:

- Аны атайын уюштуруп алып келген. Анан эми ревоюция, андай-мындай дейт. Бул эми кимге ыңгайлуу, ошого карап элдер айтып калбадыбы. Биздики ушундай көндүм адат болуп улам жаңы келгенге каршы эле көтөрүлө берсек, биз эч качан оңоло албайбыз. Ошонун баарына жол берген өзүбүздүн мына бийликте турган адамдар болуп атпайбы.

Президенттик шайлоого талапкерлигин койгон Назарбек Нышанов быйылкы эрте жаздагы элдик ыңкылап менен жай саратандагы Акүйгө кирип баруунун ортосунда анчалык деле айырма жок деп эсептейт:

- Эгер 17-июндагы окуяны бийликти басып алуунун мыйзамсыз шарты деп эсептей турган болсок, анда 24-марттагы окуяны мындан он эсе мыйзамсыз деп эсептөөгө болот.

Кыргызстан экинчи ыңкылапты көтөрө албастыгы 24-марттан бери эле айтылып келатат. 17-июнда жаңы бийликке каршы күчтөр ала баар жаздагы окуяны кайталап коюуга дарамети бар экенин көрсөттү. Жаңы бийлик минтип талаштуу маселесин Акүйдүн ичине кирип барып чечүүгө аракет кылгандар жоопкерчиликке тартыларын эскертүү менен чектелүүдө. Бирок андан дурус майнап чыгары күмөн. Анын себебин депутат Кубатбек Байболов мындайча түкшүмөлдөйт:

- Биздин революциянын кыймылдаткыч күчтөрү «аркошкон – винегрет» болгон да. Кылмышкерлерден тарта ачыктан-ачык демагогдорго чейин. Демек, алар революционер болгондон кийин революциядан түшкөн дивиденддерди бөлүштүргүлө деп атпайбы. Мына, биздеги кырдаалдын эң кыйыны ушунда болуп жатат.

Кыргызстандагы ыңкылаптын башталышы белгилүү болгон менен анын качан аягына чыгары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG