Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:58

ӨЛКӨДӨ ӨКМӨТ БАШЧЫ ЖОК, АНЫН МИЛДЕТТЕРИ БӨЛҮШТҮРҮЛДҮ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 20-июндан баштап өкмөт башчылык полномочиелерин токтотту. Жекшембиде ал кол койгон жарлыкка ылайык премьер- министрдин ыйгарым укуктары биринчи вице- премьер-министрге жана вице- премьер-министрлерге бөлүштүрүлдү. Кыргыз коомчулугунда Курманбек Бакиев өкмөт башчылыкты бир адамга таштап кетсе болмок деген ойлор айтылууда.

Курманбек Бакиев өкмөт башчылыкты бир адамга таштаган жок, анын полномочиелерин бир нече адамга бөлүштүрдү десек болот. Жарлыкта тигил же бул адамдын аты аталган эмес, бул деген ар бир вице-премьер-министр өзүнө караштуу тармакты тейлейт деген сөз. Кулов менен Бакиевдин мунасага келишинен улам коомчулукта премьер-министрлик полномочиени Куловго тапшырып кетет деп күткөндөр да болгон.

Атуулдук коом коррупцияга каршы бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова тандем болгону менен азыркы бийликтин өзүндө Куловдон чочулоо байкалып турат дейт:

- Куловго жетиштүү полномочие эч ким берген жок, бербей атышат. Азыркы бийликтин ичинде Куловго чочулоо жана шек саноо менен карагандар бар. Бакиев мырза өзү дагы. Премьер-министрлик полномочиени Куловго тапшырып кетсе болмок.
Жогорку Кеңештин депутаты Маамыт Салымбеков дагы ушундай оюн айтты:

- Өкмөт башчылыкты бир адамга таштаса болмок да. Тандемге келишкенден кийин Куловго таштайт деп ишенип аткам. Жигиттик сөз кылып, ушундай сөздөр айтылып атпады беле? Анан кандай оюндар болуп кетти ким билет?

Бакиевдин жарлыгы чыккан күндүн эртеси биринчи вице-премьер-министр Феликс Кулов да эс алууга кетип атканын жарыялап отурат. Ал Курманбек Бакиев менен чогуу эл кыдырып, үгүт өнөктүгүнө жардам берээрин айтты.

Айрым байкоочулар муну коомчулукта күмөн саноолорду пайда кыла баштаган Бакиев-Кулов тандеминин бекемдигинин далили болот дешет. Социал- демократтар партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаев бул туура кадам болду деп санайт:

- Курманбек Бакиев өзү сураныптыр, Куловдун да макул болгону туура болду деп ойлойм. Элди чогуу кыдырып, жеңишке да чогуу жетишкендери оң болот.

Саясий жактан алганда бул кадам туура болду дешет талдоочулардын көбү. Бирок өлкөдө атышуулар болуп, стабилдүүлүккө коркунуч туудурган ар кандай саясий күчтөр активдешип аткан маалда Курманбек Бакиев полномочиесин тапшырбай, баш көтөрбөй иштеши керек болчу деген ойлр бар.

Адам укугу боюнча кыргыз комитетинин жетекчиси Рамазан Дырылдаев бул тууралуу мындай дейт:

- 17-июнда эмне болду көрдүңөр. Ошондо өкмөттүк аппаратта эле иштеген чиновниктер «аягына чеийн тургула» деп кыйкырып жүрүптүр. Азыр Акаевден калган «куйруктар» элдик ыңкылапты жокко чыгаргысы келип атат. Анан ушундай кырдаалда Бакиев үгүт кампаниясына кеткени туура эмес деп эсептейм.

XS
SM
MD
LG