Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

РОЗА ОТУНБАЕВА: «17-ИЮНДАГЫ ОКУЯНЫ БИЙЛИКТЕН КЕТКЕНДЕР УЮШТУРУШТУ»


Бакыт Аманбаев, Бишкек Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева жакында АКШга болгон иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу “Азаттыкка” маек курду. Роза Отунбаева ошондой эле 17-июндагы окуя тууралуу да пикирин айтып, Акүйдү басып алуу аракетин сынга алды.

- Роза айым, АКШга болгон иш сапарыңыз өз максатына жеттиби жана аны кандайча баалайсыз?

- Март ыңкылабынан кийин тегеректеги коңшу өлкөлөрдүн бaарына барып келдим. Анан батыш өлкөлөрдөн биринчи жолу АКШга бардым. АКШ Кыргызстан үчүн эң маанилүү өлкө. Он беш жылдан бери биз АКШдан көптөгөн ар түрдүү жардам алып келебиз. Жалпысынан айтканда биздин иш сапар абдан жемиштүү жана ийгиликтүү болду.

- Сиз иш сапары учурунда АКШнын Мамлекеттик катчысы, БУУнун Баш катчысы, АКШнын президентинин коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси менен жолугушуп, Колумбия университетинде Кыргызстан тууралуу өткөрүлгөн жыйынга катыштыңыз. Мына ушул жолугушуу учурунда АКШнын бийлик өкүлдөрү кандай маселелерге кызыгышты жана сиз кандай маалымат бердиңиз?

- Жолугушуу учурунда эки маселеге: бизде болгон бийлик алмашуу жана жакында өткөрүлө турган президенттик шайлоо тууралуу сөз болду. Алардын бары келе жаткан шайлоо акыйкат, адилет өтсө деген каалоолорун айтышты. Ошондой эле алар Кыргызстандын аймагындагы качкындар тууралуу маалыматка кызыгышты. Учурда Кыргызстандын аймагында 444 адам турушат. Аларга көрүлгөн шарт тууралуу сурашты. Мындан сырткары алар жакында төрт качкындын Өзбекстанга эмне себептен берилгендигине кабатырланышты.

Өз мезгилинде мен биз шайлоону адилет, айкын эл аралык талаптарга ылайык өткөрөбүз деп өкмөттүн атынан айттым.

- Сүйлөшүү учурунда башка кандай маселелер талкууланды?

- Жаңы өкмөт бийликке келгенден кийин элдин жашоосун өзгөртпөсө болбойт. Карапайым эл өлкөдө коррупциянын деңгээлинин азайгандыгын, жашоонун жакшырганын сезиши керек. Жолугушуу учурунда биз өлкөнү мына ушундай абалдан алып чыгуунун жолдору боюнча да пикир алмаштык.

Бул максатта АКШ «Миң жылдыктын эсеби» деген программа ачкан экен. Ал программага конгресс көп акча бөлүптүр. Дүйнө жүзү боюнча бул программага он алты өлкө кирип, иш алып барып жатышыптыр.

Мен ошол программа өкүлдөрү менен жолуктум, алар менен пикир алмаштым. Ал программанын талаптары менен толук тааныштым. Ошондуктан биз жакын арада ошол программга өтүп, аны менен иш алып барышыбыз керек.

Эки жүз миллион же жарым миллиард болобу алардан грант түрүндө жардам алышыбыз керек. Ал боюнча учурда биздин өкмөт иш алып барууда.

- Мына ушул жолугушууларда кандайдыр бир эки тараптуу келишимге же документке кол коюлдубу?

- Бул иш сапар жөн гана таанышуу максатында болду. Негизинен бизде болгон окуялар жана келечектеги иш максаттар, проблемалар тууралуу эле пикир алмашуу болду.

- Роза айым, мына 17-июнда Акүйдү ээлеп алуу аракети болду. Сиз мындай аракеттерди кандай баалайсыз?

- Бул болсо Акаевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кайрадан бийликти ээлеп алуу аракети болду. Муну бийликтен кеткендер уюштурушту. Мына Акаевдин кызы өлкөдө жыргап эле ушундай иштерди каржылап жүрбөйбү. Ошондуктан биздин тартип коргоо органдары өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу максатында жакшылап иш алып барышы зарыл.

Бул жолу биздин айрым күч органдарыбыз алсыздыгын көрсөтүп койду. Элдин тынчтыгы жана ишеними биздин мойнубузда. Ал үчүн биз жооптуубуз.

- Маегиңизге ыракмат, ишиңизге ийгилик!

XS
SM
MD
LG