Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

ПАРЛАМЕНТ ӨКМӨТТҮ ДАГЫ СЫНГА АЛДЫ


21-июнда Жогорку Кеңеш март окуясынан кийинки өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Талкууда кадр саясатына, 17-июнь окуясына, менчиктештирүүгө байланышкан маселелер боюнча өкмөт кескин сынга кабылды.

Депутаттар бул күнү март окуясынан кийинки өлкөнүн саясий, социалдык-экономикалык абалын талкуулап бүтпөй калышты. Ошондуктан, талкуу бейшемби күнү уланмай болду. Ал эми парламенттин шейшемби күнкү отурумуна мурда болжолдонуп жаткандай, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев катышкан жок. Бул анын Москвага келерки күнү жасалчу сапары менен байланыштырылды.

Өкмөттүн март окуясынан кийинки коомдук, саясий, экономикалык абал тууралуу маалыматын, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов берип, саясий кырдаалды стабилдүү, бирок чыңалуу бар деп баалады. Аны шарттаган окуялардын акыркысы жана олуттуусу катары Үсөнов 17-июнь окуясын атады жана ага байланышкан документти парламентке сунуштады:

- Барыктабасовдун артында аныкталган саясий максаттар турат деп ойлоп атабыз. Жашыра турган нерсе жок. Эски режимдин өкүлдөрү кандай жол менен болсо да азыркы бийликти жаманаттылоону максат жана милдет кылууда. Муну айрым маалымат каражаттарынын, сот бийлигинин, жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрүнүн жардамысыз ишке ашты деп айтууга болбойт.

Кийинчерээк жарыш сөзгө чыккан Мелис Эшимканов 17-июнга байланыштуу документтин таратылышын популисттик аракет катары баалады:

- Популисттик, элге чыгып, кокуй бийликти тартып алмай болду, кокуй Акаев келип калмай болду дегенден көрөк кесипкөй юридикалык жактан аябай оперативдүү иштердин баарын тыкыр кылып туруп, анан бетке чаап, далилдеп, коомчулукка алып чыксаңар ошондо туура болмок.

Өкмөттүн маалыматына кошумча маалымат берген Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитет төрагасы Камбараалы Конгантиев коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу жаатында өкмөт өзүнүн милдетин жетиштүү аткара албай жатат деп эсептеди. Комитет төрагасы муну массалык акциялардын, буйрутма кылмыштардын тынымсыз болуп жатышы, экстремисттик жагдайлардын түзүлүшү, кадр саясатынын начардыгы өңдүү маселелер менен байланыштырды.

Депутат Өмүрбек Бабановдун оюнда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу жана Акаевдин мүлкүн териштирүү комиссиясынын төрагасы Данияр Үсөнов менчиктеги ишканаларды териштирүүдө өз кызыкчылыктары бар ишканаларга көз жумду мамиле жасап жатат.

Ал эми депутат Дооронбек Садырбаев жарыш сөз маалында башка маселелердин катарында өкмөт менен парламенттин мамилесине да токтолду. Анын оюнда бийликтин бул эки бутагынын ортосундагы чыңалууга президенттик администрация түрткү болуп жатат:

- Курманбек Салиевич менен кызматташалы, эми ынтымакка кол сунуп жаткан кишинин колун кантип кагып ийебиз деп макул болдук, туурабы, депутаттар? Эртеси Үсөн Сыдыкович келип туруп депутаттардын жарымын таратып ийиш керек деген пикирин гезиттерге жарыялап ийди. Мен түшүнөм, бул жерде 70 пикир болсо болот, урматтуу өкмөт мүчөлөрү, президенттин администрациясында, бөлүм башчыларында өзүнүн пикири болбош керек.

Данияр Үсөнов өз маалыматында кыргыз өкмөтү менен парламент ортосунда пикир келишпестик бар деген көз караштарга кошулбай тургандыгын, парламент таратылат деген божомол жалган экендигин билдирген болчу.

Анткен менен депутаттардын кескин сын пикирлерин Данияр Үсөнов бул күнү өкмөттүн аброюна доо кетирүү максатында атайын уюштурулуп жаткан саясий оюн катары баалады. Мындай пикирин ал журналисттердин суроолоруна ылайык билдирди:

- Биз парламентти дайыма ынтымакка чакырабыз. Ошол эле учурда ачык түшүнөбүз, бул парламенттин көпчүлүгү «Алга, Кыргызстандын» күчү менен келип, өкмөт эчтеме кылбай жатат деп, өкмөт жаман деп, төңкөрүштөрдү көтөргөнгө аракет кылган парламент. Бирок башка парламент жок. Ошондуктан, бул парламент менен иштейбиз. Маселелерди талкуулайбыз. Депутаттар койгон маселелерди чечебиз
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG