Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

ИРАН ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУН ЭКИНЧИ АЙЛАМПАСЫ АЛДЫНДА


Өткөн түнү Ирандын өкүмзор Көзөмөл кеңеши шайлоонун 17-июнда болгон биринчи айлампасы мыйзам бузууларсыз өттү деп, анын натыйжасын бекитти. Чечүүчү экинчи айлампада мурдакы президент Акбар Хашеми Рафсанжани жана Тегерандын эскичил мэри Махмуд Ахмединежад беттешет. Ирандын ички иштер министрлиги жума күнү болчу президенттик шайлоо адилеттүү өтпөсү мүмкүн экенин эскертти. Ал эми бир катар реформачыл топтор жана инсандар Ахмединежад жеңсе, эскичил диниятчылар бардык бийлик бутактарын контролдоп калаарын айтышып, өз тарапкерлерин Рафсанжани үчүн добуш берүүгө чакырышты. Бул үндөөнү президент Рафсанжани да колдоду.

Иранда шайлоо өнөктүгүн уюштуруу Ички иштер министрлигинин вазийпасы. Министрлик азыр реформачыл саясатчылардын жетегинде. ИИМдин өкүлү (Жаханбахш Ханжани) адамдардын укугун коргоп, мыйзамды камсыздоочу бийлик органдары 17-июнда өз милдетин аткаруунун ордуна “добуш берүүнү каалаган нукта” өткөрдү деп, ушундай ыкмалар 24-июндагы шайлоодо “дагы кеңири колдонулушу ыктымал” экенин шейшемби күнү эскертти.

Кээ бир президенттике талапкерлер да Иран армиясы жана Басижи деп аталган ыктыярдуу милиция кошуну шайлоочуларга акча төлөп, Тегерандын эскичил мэри Махмуд Ахмединежад үчүн добуш бердирет деген кооптонууларын билдиришти. Добуш берүүнүн жүрүшүнө эскичил динаятчылар менен тыкыс байланыштагы Көзөмөл кеңеши байкоо жүргүзүөт.

Шайлоонун биринчи турунда үчүнчү орунду алган Мехди Керрубинин Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейиге жазган сын катын жарыялаган төрт гезит дүйшөмбү күнү жабылды. Басылмаларды Тегерандын прокурору “калпты жана ушак кепти жайылтты” деп күнөөлөдү. Байистүү диниятчы Керруби катта Революциячыл гвардия менен Басижи кошунун шайлоочулардын добушун сатып алды деп күнөөлөгөн.

Тыйуу салынган гезиттердин бири- “Экбалдын” башредактору Карим Аркандепур Ройтер агенттигине басылманын жабылыш себеби тууралуу мындай түкшүмөлүн айткан:

- Полициянын кызматкерлери прокурордун катын алып келишти. Бул биздин гезитти бир күнгө жапкан соттун өкүмү экен. Өкүмдө биздин гезиттин эмне себептен жабылганы жөнүндө эч нерсе айтылбаптыр. Ага, биздин оюбузча, гезиттин Карруби мырзанын биздин Башкы көсөмүбүзгө жазган катын басканы негиз болгон деп ойлойбуз.

Шейшемби күнү консерваторлор үстөмдүк кылган Иран парламентинин 132 мүчөсү элди Ахмединежад үчүн добуш берүүгө чакырды. Шариаттын талыбаган жактоочусу катары өзүн көрсөтө алган Махмуд Ахмединежад Революциячыл гвардия менен Басижинин мурдакы нускоочусу. Куран боюнча дасыккан эксперттер менен басма ээлеринин бир тобу да Ахмединежадды Ислам Республикасынын түптөөчүсү Аятолла Хомейнинин жолдоочусу деп, аны колдоого үндөгөн кайрылуу жасашты.

Чечүүчү айлампага чыккан экинчи талапкер- Акбар Хашеми Рафсанжани прагматик саясатчы эсептелет. Ал 1989-97-жылдары эки мөөнөт президент болгон. Рафсанжани Ирандын атомдук программасы боюнча Батыш менен жүрүп жаткан чаткакты жөндөө үчүн АКШ менен болгон байланышты жакшыртуу зарыл деп санайт. Аны эскичилдерден тартып реформачыл маанайдагы саясатчыларга чейин колдошот.

Таанымал журналист жана укук коргоочу Имамиддин Багхи эгерде Ахмединежад президентттикке шайланса, өлкөдө адам укугунун абалы дагы начарлайт деп боолгойт.

Тынчтыктын Нобел атындагы сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади айым шайлоо калыс болбогондуктан ага катышпайм дейт:

- Мен катардагы жаран жана адвокат, ошондой эле адам укуктарынын негиздерине ишенген жаран катары адилет, эркин жана адам укугунун негиздерине ылайык өткөн шайлоого гана катышууга даярмын.

Бир кезде өлүм жазасына тартылып, кийин акталган таанымал диссидент Хашем Агажари да добуш берүүгө катышпасын билдирди.

XS
SM
MD
LG