Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

АКШ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШКА ДЕМОКРАТИЯНЫ ЖАЙЫЛТУУ САЯСАТЫН ӨЗГӨРТӨТ


Төрөкул Дооров, Прага АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын Жакынкы Чыгышка болгон сапары аяктады. Өз сапары учурунда Райс ал аймакта АКШ колдоп келген айрым өкмөттөрдү демократиялык стандарттардын негизинде жашай албай жатышканы үчүн катуу сындады. Буга чейин АКШ саясатынын жогорку тепкичтеги эч бир өкүлү тарабынан мындай катуу сын айтыла элек болучу. Анткен менен Райстын айткандарын мусулман дүйнөсү кандай кабыл алат – азырынча айтуу татаал.

Дүйшөмбү күнү Египеттин баш калаасы Каирдеги америкалык университетте 600дөй египеттик студент, академик жана саясатчылардын алдында АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс өтө каардуу сүйлөгөндөй болду. Америка баштаган жаңы демократиялык жолдун маани-мазмунуна токтолуп, Райс Жакынкы Чыгышта демократияны орнотуу саясий же, экономикалык эркиндикке залакасын тийгизбеши керектигин белгиледи. “2001-жылдын сентябрынан тарта АКШ буга жол бере албайт” деди ал.

- 60 жыл бою менин өлкөм, Америка Кошмо Штаттары, Жакынкы Чыгышта демократиядан да стабилдүүлүктү биринчи орунга коюп келди. Акыр аягында биз эч нерсеге жетишкен жокпуз. Биз эми башка багытты тандайбыз. Биз бардык адамдардын демократияга умтулуусун колдомокчубуз.

Андан ары Мамкатчы Египетте өзгөчө кырдаалдар тууралуу мыйзамды, соттун ишин жана демонстранттарга каршы күч колдонулганын катуу сындап, ырасмий Каирди “элдерде бийликке ишеним сезимин жандандыруу үстүндө иштөөгө” чакырды.

Сентябрда египеттиктер алгачкы ирет өз президентин тикелей тандоого мүмкүнчүлүк алышат. Бирок аналитиктердин баамында, азыркы президент Хосни Мубарак ага каршы күчтүү талапкерлердин чыгышын каалабайт.

АКШнын жогорку деңгээлдеги өкүлү Сауд Арапстанда реформалардын алкагын кеңейтүү максаты менен узаткан суроолоруна Каир да, Эр-Рияд да суз жооп бергенсиди. Ушундан уламбы, талдоочулар Райстын айткандары көптөгөн активисттерге жакканы менен, АКШнын жаңы саясаты айрым башка демократтардын көңүлүн көтөрө албады деп жатышат.

- Жок, бул прогресс эмес. Египет да, Кувейт да, же Сауд Арапстан да, - баары АКШнын өнөктөштөрү. Бул кош-стандарттуу саясатка окшоп калды, - деди палестиналык саясий аналитик Амир Махул.

Ал жакында эле Барселонада өткөн эларалык конференциядан келди. Анда Жер ортолук деңиздин айланасындагы мамлекеттердин саясий жана социалдык проблемалары каралган. Амир Махулдун айтымында, конференциянын арап тилдүү катышуучулары АКШнын акыркы мезгилдердеги демократиялык саясатын жактырбай, ал мусулман мамлекеттериндеги демократ активисттердин аракеттерине тоскоолдук кылып жатат деп сынга алып жатышат.

XS
SM
MD
LG