Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

ЖАҢЫ БИЙЛИКТИ ЖАКТЫРБАГАНДАРДЫН АРАКЕТИ, ӨКМӨТТҮН ЖООБУ, ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛООНУН ЖАРЫШЫ


Шейшемби күнү сатыкка чыккан басылмаларда 17-июндагы окуяларга комментарийлер жарыяланды. Ушу тапта көпчүлүктүн көңүлүн тополоңду кимдер уюштурду, саясий талапты акчага алмаштыруу суроосу болууда. Кыргызстанда өкүмзордун күнү тууп, кылмыштуулук күчөөдө.

«Асел – 1700, Зарима – 500, Султанга 1000 сом берилди. Митингге чыгып койгула», деп жазат шейшемби күнкү «Кыргыз туусу» гезитинде Назаркул Жоошбаев. Басылманын ырасташынча, 17-июнда Акүйгө келип тополоң салгандарга акча таратылган. Чыр салган бир аялдын сумкасынан акча тараткандардын тизмеси чыккан. Анда баш-аягы 28 миң доллар акча кимдерге берилгени, кайда жумшалганы жазылган.

1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституция бир жыл иштебей жатып чоң өзгөрүүгө туш келип, бардык бийлик бир гана адамдын – президенттин колунда топтолуп, анын жыйынтыгы 2002-жылкы Аксы окуясына алып келди. Соңку конституциялык реформанын жыйынтыгын эксперттик топ аныктап, долбоор кеңеш мүчөлөрүнө көрсөтүлбөй референдумга коюлуп кеткен, деп белгилейт «Элдик толкун эмнени көздөдү?» деген макаласында парламент депутаты Бектемир Мурзубраимов.

«Элдик толкун өзүнөн өзү эле болуп калбайт, ал чындык чыркыраган, адилеттик, калыстык тайган жерде пайда болот», деп жазат Б.Мурзубраимов.

«Мамлекеттик төңкөрүш болбой калды», деп жазат шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити. Басылманын маалымдашынча, тополоңго катышкандыгы үчүн 293 адам кармалган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы алардын айрымдарына кылмыш ишин козгоп, «Мекеним Кыргызстан» кыймылынын башчысы У.Барктабасовго эларалык иликтөө жарыяланды.

А.Акаев тушунда саламаттык сактоо тармагын реформалоочу «Манас» программасына коңшу өлкөлөр ишенбөөчүлүк менен карашкан. Алардын пикири туура чыкты, деп жазат белгилүү дарыгер Бекмырза Исмаилов «Суу менен баланы ыргытып ийбейли» деген макаласында. Колу жука адамдардын медициналык жардам алышы кыйынга туруп калды. Реформанын биринчи этабынын жыйынтыктары көңүл жубатарлык эмес, дейт Б.Исмаилов.

Үч жарым жыл ичинде Кыргызстанда 25 адам жалданма киши өлтүргүчтөрдүн колунан мерт болду. Таламандын тал тушунда бирөөнү атып кетүү көбөйүп баратат, киши өлтүргүчтөр атүгүл жүзүн катпай, апачык эле келип атып кете башташты, деп жазат Эльвира Темир 21-июндагы «Вечерний Бишкек» гезитиндеги «Кылмыштуу Кыргызстан» деген макаласында.

«Акаев доорунда мандат алып калышкан айрым депутаттар өздөрүнүн креслолорун сактап калууну көздөп ар кандай ыкмаларды колдонушууда»,- деп жазышат каракулжалык аксакалдар тобу 21-июндагы «Кыргыз руху» гезитинде. Акча берип, тууган-урук, тааныш-тамырдан коргоо комитетин түзө коюп, пикет уюштуруу жайылып баратат. «Ошол акчаны тиги чиновниктер кайдан, кантип тапканын сураган эч ким жок», дейт аксакалдар тобу. Алардын сунушу боюнча, «президенттик шайлоо төрт жылдан эки чакырылышта болсо жакшы болмок. Себеби бир чакырылышта ал өзүн көрсөтө албайт».

«Кантсе да элдик революция менен асман-жердей айырмасы бар бул тополоң өлкө үчүн осол иш болду», деп жазат Уулкан Келдибай кызы «Кокусунан болбогон козголоң» деген макаласында.

«Контрреволюция тишин көрсөттү. Бийлик күчүн», деп жазды шейшемби күнкү «МСН» гезитинде А.Ким. Козголоңду уюштургандар машинеге таш жүктөп, Акүйгө камдуу келишкен. Сүрмөтоп аянттан сүрүлүп ташталгандан кийин өкмөт талоончуларга аеосуз чара көрүлөрүн билдирди. 24-марттан кийин ушундай иш жасаганда талоончулук болмок эмес. Бийлик 17-июндагы башаламандыктын артында А.Акаев менен анын жакын адамдары турганын айтты. А.Акаев болсо тиешеси жок экенин билдирди. Бирок да анын күйөө баласынын бул иштин артында кулагы көрүнүп турат, деп жазат А.Ким.
XS
SM
MD
LG