Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:43

АКАЕВ ПРОКУРАТУРА ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУДАН БАШ ТАРТТЫ


Өлкөнүн Башкы прокуратурасы мурунку президент Аскар Акаевден көрсөтмө алуу үчүн Москвага барды. Бирок Акаев өз адвокаты Максим Максимович аркылуу билдирүү жасап, прокуратура менен кызматташуудан баш тартканын, буга вице-премьер-министр Данияр Үсөновдун “17-июндагы окуяны Акаевдин үйбүлөсү уюштурду” деп билдирүүлөрү себеп болгонун жарыялады.

Башкы прокурор Азимбек Бекназаров Аскар Акаев менен жолугушууда бериле турган суроолордун бири президентик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркуловдун 480 миң долларды Акаевге бергенин тактоо максатында болорун билдирген. Садыркулов ал акчаны Акаевдин кабинетинде бергенин “Дело№” гезитине берген интервьюсунда дагы бир ирет тастыктаган.

Бирок Аскар Акаев 21-июнда Орусиянын “Новости” маалымат агенттигине берген маалыматында, “Мени жаманатты кылуу максатында уюштурулуп жаткан Башкы прокуратуранын сурагына катышуум саясий оюн болмок. Президенттик шайлоонун аягында уюштурулуп жаткан мындай ыплас саясий оюндарга мен катышпаймын” деп белгилеген.

Буга карабай Башкы прокурор Азимбек Бекназаров тергөөчүлөр 21-июнда Москвага барганын жана алар Акаевди Кыргызстандын элчилигине чакырып, көрсөтмө алууга аракеттенерин билдирди:

- Биздин элчилик бар. Акаев Кыргызстандын атуулу. Адвокат аркылуу, же башка жол менен чакыртабыз. Эгер келбесе бизде Минск конвенциясы бар. Орусиянын Башкы прокуратурасы менен биздин башкы прокуратуранын ортосунда укуктук жардам берүү кызматтары бар. Мына ошол Минск конвенциясынын алкагында иш жүргүзөбүз.

Бекназаровдун айтымында, Акаевдин адвокаты Башкы прокурордун орун басары Жээналиев менен жолугушууда Акаев прокуратура менен кызматташууга даярдыгын билдирген эле.

Акаевдин Кыргызстандагы адвокаттарынын бири Акин Токталиев мурунку президент Акаевдин кол тийбестиги бар экендигин, ошондуктан аны суракка алууга мыйзам жол бербесин билдирди:

- Акаевдин жолугушуудан баш тартканы туура. Биздин Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Моквага мыйзамсыз барып алышкан. Мыйзамсыз негизде мурунку президентти суракка алабыз дешкен. Биздин Конституцияда жазылаган, мурунку президентти суракка алганга, кол тийгизгенге эч кимдин акысы жок деп.

Ага Бекназаровдун жообу мындай болду:

- Кол тийбестик жоопко тартууга жол бербейт. Бирок суракта ар бир адам көрсөтмө берүүгө милдеттүү. Ошондуктан Акаевдин адвокаттары жоопко тартуу менен көрсөтмө берүүнүн айырмасын билип алуусу керек.

Башкы прокурор эгерде Акаевдин күнөөлөрү далилденсе андан кол тийбестик иммунитетин алуу сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылаарын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев азыркы парламентте Акаевчыл депутаттардын көп экендигин, ошондуктан андан кол тийбестикти алуу татаал болорун белгиледи. Анын пикиринде, Акаев Данияр Үсөновдун сөзүн шылтоолоп Башкы прокуратура менен кызматташуудан баш тартууда:

- Ал шылтоо болуп калды. Ал кишиге 480 миң доллар кайда деген суроо берилсе эле такалып калат. Ошондуктан ал Башкы прокуратура менен жолугуп, кызматташууга кызыкдар болгон эмес.

Мурунку президент Акаевди жоопко тартууга Конституция жол бербешин белгилеген депутат Темир Сариев, бирок эгерде прокуратура көрсөтмө берүүнү өтүнүп кайрылса, анда Акаев жооп берүүгө милдеттүү деген пикирин билдирди:

- Эгерде кайрылуу болсо ал сөзсүз жооп берүүгө тийиш. Жоопко тартуу, тартпоо бир бөлөк. Ал эми Кыргызстанды сыйласа, мыйзамды сыйласа ал сөзсүз түрдө жолугуп, жооп бериш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG