Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

БРЮССЕЛДЕ ИРАК БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ БАШТАЛДЫ


Брюсселде Ирактагы реконструкцияга арналган эл аралык конференция башталды. Өлкөнүн жаңы өкмөтү 80-ден ашуун мамлекеттин өкүлдөрүн шайлоо алдындагы саясий программасы менен тааныштырмакчы. Жыйындын катышуучулары негизинен экономикалык жана саясий реформаларды талкуулашат.

Жыйынды БУУнун Баш катчысы Коффи Аннан ачты:

- Эл аралык коомчулук Ирактын өкмөтүнө жана элине колдоосун билдирет. Иракты калыбына келтирүү иштери Коопсуздук кеңешинин бир жыл илгери кабыл алынган резолюциясына ылайык улантылууга тийиш.

Конференцияга Евробиримдиктин жана НАТОнун бардык мүчөлөрү, Ирактын коңшу өлкөлөрүнөн келген расмий делегациялар, бардыгы болуп 80ден ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышып жатат.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Ирак өкмөтү менен кызматташуу 3 негизги багытта жүрөөрүн белгиледи:

- Бүгүн Брюсселде эл аралык коомчулук менен эркин Ирактын демократиялык өкмөтү ортосунда жаңы диалог башталууда. Бул өнөктөштүк 3 мааанилүү багытты камтыйт: саясий реформалар, экономикалык кайра куруу жана коопсуздук менен мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо.

Жыйын эки максатты көздөйт. Биринчиден, Ирактын негизги донорлору – АКШ, Евробиримдик жана НАТО өткөөл өкмөттүн пландары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышмакчы. Экинчиден, Багдад өкмөтү эл аралык коомчулуктан кандай жардам күтүп жатканын тактай алат.

Конференцияны утурлай сүйлөгөн сөзүндө Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари жыйынга болгон кызыгуу өкмөткө кошумча дем берүүдө деп белгиледи:

- Бул жыйын дүйнөлүк коомчулук Ирак маселесинде бирдиктүү турумду ээлегенин далилдөөдө. Ирак өкмөтү дүйнө өлкөлөрүнө колдоо сурап кайрылууга мүмкүнчүлүк ала алат.

Жардам жөнүндөгү сунуштар конференция расмий ачыла электе эле түшө баштады. Түндүк Альянстын баш катчысы Яап де Хооп Схеффер Зебари менен жолугушкандан кийин мындай билдирүү жасады:

- Уюмдун шейшембиде өткөн жыйыныныда айкын болгондой, бардык мүчө-мамлекеттер Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктыруу, керектүү жабдыктар менен камсыздоо өңдүү иштерди уланта берүүгө дилгир. Өзүңөр билгендей, күзүндө ал-Рустамиде Ирактын аскерлери үчүн окуу борбору ачылат.

Еврошаркеттин жана Кошмо Штаттардын расмий өкүлдөрү Ирактагы улуттук азчылыктарды саясий процесстерге, асыресе жаңы Конституцияны түзүү иштерине тартуу маанилүү деп эсептешет. Жыйындын катышуучуларын Ирактын дүйнөлүк экономикага интеграциясы, өлкөнүн карыздарын кечүү өңдүү маселелер да өзгөчө кызыктырат.

АКШнын жогорку даражалуу дипломаттарынын бири Вашингтон дүйнө өлкөлөрүн Ирак менен дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүүгө, Багдадда элчиликтерин ачууга, Ирактын дипмиссияларын кабыл алууга үндөөдө деп ырастайт. Анын айтымында, башында бул симоволикалык кадам катары кабыл алынганы менен, бара бара ал маанилүү жемиш бере баштайт.

XS
SM
MD
LG