Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

ПРЕЗИДЕНТ БОЛГУСУ КЕЛГЕНДЕР СОТТОН АДИЛЕТТИК ИЗДЕШҮҮДӨ


Кыргызстандын президентин шайлоого саналуу күн калгандыгына карабай президент болууга умтулган адамдар менен Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосундагы сот жараяндары токтобой жатат. 22-июнда Жогорку cот президенттикке талапкер болууга умтулгандардын бири Гайша Ибрагимованын арызын карады. Ал эми дагы бир талапкер райондук соттун чечимине нааразы болгон арызын Жогорку сотко жолдоду.

Президенттикке талапкерликке өзүн-өзү көрсөткөн Гайша Ибрагимованы Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер деп каттоодон 13-июнда баш тарткан. Ага Ибрагимованын өзүнүн талапкерлигин колдогон 50 миң адамдын колун чогулта албай калгандыгы себеп болгон. Талапкер ага макул болбой Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз жолдоп, анда Борбордук шайлоо комиссиясы чогултулган колдор коюлган барактарды шайлоо комиссияларына тапшыруу добуш берүүгө чейинки 38 күндүн ичинде, тактап айтканда, бул жолу 2-июнда аяктайт деген жобосун бузган деп, аны жокко чыгарууну талап кылган. Анын айтымында, БШК колдорду тапшыруу мөөнөтү 1-июнда аяктайт деп чечкен. Сот Гайша Ибрагимованын кол коюлган барактар кабыл алынсын деген талабы канааттандырылсын деп таап, бирок чогултулган колду Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы гана кабыл алат деп чечкен.

Гайша Ибрагимова соттун мындай чечими мыйзамга карама-каршы келет деп, чогултулган колдор коюлган барактарды өлкөнүн бардык облустарындагы шайлоо комиссиялары кабыл ала алат деген чечим чыгаруу талабы менен Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот 22-июнда Биринчи май райондук соттун кол коюлган барактар кабыл алынсын деген чечимин күчүндө калтырып, облустук шайлоо комиссиялары да кабыл ала алат деген өтүнүчүн канааттандырган жок.

Гайша Ибрагимова мындай аракети менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамга карама-каршы чечимдерин мыйзамдуу жолдор менен аныктоо максатын көздөп жатат:

-Мамлекеттин башчылыгына умтулуп жаткан адам өзүнүн аракети, көз карашы жана иштери менен Конституцияны урматтай тургандыгын иш жүзүндө көрсөтүүгө милдеттүү. Кандай гана асыл ой менен Конституцияны бузууга барса, ал мамлекеттин башчысы болуу укугуна ээ боло албайт. Мен азыркы мыйзам бузууларга канчалык жаным кашайып турса да, мен эч качан мыйзамсыз иштерге барбайм. Мен мыйзамдын чегинде гана мыйзамсыз иштерди аныктоого аракет кыла берем. Азыр биздин Конституция иштеген жери жок жана аны бийликтин бардык бутактары колунан келишинче бузуп жатат.

Гайша Ибрагимова соттун чечиминен кийин БШКдан өзүн талапкер деп каттоону талап кылып, жарышка түшөөрүн жарыя кылды. Анын айтымында, БШК чогулткан колдорун жобону бузуу менен кабыл алып, кеминде 2 миңден ашык колду каттабай койгон.

Кыргызстандын президенттигине талапкерликке өзүн-өзү көрсөтүп, БШКнын каттосунан өтпөй калган дагы бир атуул Аманбай Сатыбаев да сотко кайрылган. Арызында ал БШК кол чогултуу мөөнөтүн Шайлоо кодексине карама-каршы кыскартып, талапкерлердин укугун басмырлады деп, БШКнын кол чогултуунун мөөнөтү жөнүндөгү чечимин жокко чыгарууну талап кылган. Анын айтымында, БШК айрым талапкерлерге туура эмес маалымат берип, алдап да койгон:

-Конституция менен Шайлоо кодексинде жазылбаган белгисиз жоболорду колдонуп, талапкерлерге тоскоолдук жасашты.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Аманбай Сатыбаевдин бул талабын канааттандырган жок. Бирок ал БШКнын мыйзамды бузгандыгын далилдөө үчүн Жогорку сотко арыз берди.

Ал эми БШКнын юристи Гүлбара Калиева Шайлоо кодексинин президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү жөнүндөгү 62-беренесине ылайык кол коюлган барактарды тапшыруу мөөнөтүн туура эсептегендигин билдирди:

- Гайша Ибрагимованын доо арызы негизсиз. Мыйзамга ылайык кол коюлган барактарды тапшыруунун акыркы күнү 1-июнь. Себеби, 10-июлдан тарта 38 күн деп эсептегенде ал 1-июнь менен бүтөт. Биз мыйзамга ылайык чечкенбиз. Мыйзамды БШК кабыл алган жок жана бул жерде анын эч кандай кызыкчылыгы жок.

Гүлбара Калиева мындан тышкары президенттикке талапкерликке катталбай калган талапкерлер өз каталарын комиссияга оодаруу менен коомчулукту бушайманга салып жатат деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG