Бейшембиде парламенттин жыйынында биринчи сөз алып чыккан Башкы прокурор Азимбек Бекназаров депутатар алдына эки маселе коюп, аны чечип берүүнү өтүндү. Биринчи өтүнүч депутат Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартууга уруксат экенин Бекназаров билдирди:
- Жакында каникулга чыгасыздар, ошого чейин эки маселени чечүү сунушун киргизип жатам. Биринчиси, депутат Айдар Акаевди жоопко тартуу боюнча сунуш киргизип жатабыз. Конституция, мыйзам боюнча сиздер уруксат бермейинче биз жоопко тарта албайбыз. Аны сиздер жакшы билесиздер. Өтүнүчүм, каникулга чейин ушул маселени карап берсеңиздер.
Бекназаровдун айтымында, Айдар Акаевге бирөөнүн мүлкүн зордук менен тартып алуу жана коркутуп-үркүтүү менен пайда көргөндүгү боюнча айып коюлууда.
Бекназаров мындан сырткары Карасууу шайлоо округунан шайланган депутат Мурат Малабаев Башкы прокуратуранын Түркиядагы тергөөчүлөрүнө тоскоолдук кылып жатканын жана аны теске салууну депутаттардан өтүндү:
- Өзүбүздүн коллега Мурат Малабаев Түркияда жүрөт. Ал ошол жерде адамдарды уюштуруп, Түркиядагы тергөөчүлөргө тоскоолдук кылууда. Менин суранаарым, Малабаевди чакырып, андай аракеттерди жасабашын эскертип койсоңуздар.
Башкы прокурордун мындай сунушу төрага Өмүрбек Текебаев тарабынан добушка коюлган жок. Ал өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал боюнча депутаттарга сөз бере баштады. Танаписке чейин депутаттар сөз сүйлөдү. Танапистен кийин парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Камбаралы Конгантиев Азимбек Бекназаровдун сунушун эске салды:
- Биздин регламенттин 234 беренесинин негизинде ушул маселени караш үчүн депутаттык комиссия түзүүбүз керек. Сунуш түшкөндөн тарта бир айдын ичинде карап берүүбүз керек. Ошондуктан суранаар элем, колдосоңуздар депутаттык комиссияны түзүп койсок.
Бирок бул ирет да сунуш көңүл сыртында калып, депутаттардын жарыш сөзү уланды. Түшкү саат бирге жакындап калганда, депутат Камчыбек Ташиев Башкы прокурордун сунушун карап көрүү маселесин дагы бир ирет көтөрдү. Төрага тарабынан буга да көңүл бурулбагандыктан жыйын жабылаар алдында депутат Марат Султанов комиссия маселесин чечүүнү төрага Текебаевге сунуштады. Текебаев маселе комитетке тапшырылаарын белгиледи.
Өлкөдөгү саясий кырдаалды талкууга келе турган болсок, ал боюнча парламентарийлердин пикири ар кыл болду. Көпчүлүгү айыл жериндеги, чакан шаарлардагы оор абалды, 90 пайыз жумушсуздук маселесин, өкмөттүн ишинин байкалбай жатканын айтса, кээ бир депутаттар 2-3 айдын ичинде өкмөт ишине баа бериш мүмкүн эместигин айтып чыкты. Депутаттар ошондой эле бажы тармагында коррупциялык иштер, жалпы паракорчулук мурдагыдан күчөй баштаганын, мугалимдер айлыгын көтөрүү, пахта, тамеки жана башка айыл чарба продукцияларын дурус баада сатуу маселесине да токтолушту.
Депутат Байболов үч айдын ичинде эле 15 жыл бою топтолгон маселерди чечүү мүмкүн эместигин айтуу менен, бирок реформалардын негизги багыттары боюнча программа жарыяланбай жатат деген оюн билдирди:
- Мына шайлоого бир аз убакыт калды, бирок жаңы бийликтин түптүү, топтоштурулган, бирдиктүү экономикалык программасын уга элекпиз.
Бирок Курманбек Бакиев экономикалык программасын 8-9-июнда Бишкекте инвесторлор, ага чейин жергилктүү ишкерлер менен жолугушууда ачыктаган. Ал эми Феликс Кулов 17-июнда саясий-экономикалык программасын жарыялаган.
Жогорку Кеңеш өлкөдөгү кырдаалды талкуулоону жума күнү улантат. Маселе боюнча дагы 6 депутат сөз сүйлөөгө тийиш, андан кийин өкмөттүн өкүлү депутаттардын сунуш, сын жана маалыматтарына өз жообун берет.