Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23

РАФСАНЖАНИ – КОМПРОМИССТИК ТАЛАПКЕР


Иранда Акбар Хашеми Рафсанжани ушул жума күнү президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Тегеран шаарынын консерватор акими Махмуд Ахмадинежад менен ат салышат. Рафсанжани иштиктүү консерватор катары белгилүү. Ал буга чейин Иран армиясынын башкы командачысы, парламенттин спикери жана президент болуп иштеген. Рафсанжани азыр Ирандыктарды өзүн колдоп, ошону менен "эсктремизмге" жол бербөөгө чакырууда.

Акбар Хашеми Рафсанжани чынында да Ирандын эң бир таасирлүү саясатчыларынын бири. Динде сабырдуу турумду карманган, диний структураларда ортоңку баскычта турган Рафсанжани учурда парламент менен диний Көзөмөл комитетинин ортосундагы арачылык ролду ойногон Максаттуулук Кеңешин жетектейт. Ал ошондой эле Ирандын диний башчысын шайлаган "Эксперттер жыйынынын" төрага орун басары.

Өткөн жума күнү президенттик шайлоонун биринчи айлампасында күтүлбөгөн жерден Тегерандын консерватор мэри Махмуд Ахмадинежат Рафсанжаниге куйрук улаш экинчи болуп келди. Ошондон бери Рафсанжани жана анын колдоочулары аны Иранды фанатизмден жана куралдын күчүнө таянган бийликтен сактап калуучу күч катары сүрөттөшүүдө.

Үчүнчү болуп келген сабырдуу динаятчы Мезди Карруби да өз колдоочуларын келерки жума күнү Рафсанжаниге добуш бергиле деп үгүттөп, болбосо "беркилер Иранда Ооганстандагыдай талибдердин бийлигин орнотот" деп эскертүүдө.

21-июнда 70 жаштагы Рафсанжани студенттер менен жолугушуп, шайланса, реформаларды улантам деп сөз берди. Ал ошондой эле Иран мыйзамдарынын чегинде сөз эркиндигин колдоп сүйлөдү:

- Эгер маалымат каражаттары, кабарчылар жана студенттер мыйзамдын чегинде иштесе, алардын оюн эркин билдирүү эркиндигин өкмөт таанышы керек.

Рафсанжани 1989- 1997- жылдары эки мөөнөт президент болуп турганда жупуну социалдык жана экономикалык реформаларды жүргүзгөн. Ал ошондой эле Ирак менен сегиз жылдык согуштан кийин эл чарбасын калыбына келтирүү иштерин жолго кое алган.

Фархаң Надери Рафсанжанин штаб-квартирасында студенттик комитетти жетектейт. Ал “Азаттыкка” Рафсанжани реформаларды улантуудагы эң башкы күчтөрдүн бири деп айтты:

- Рафсанжани бийликте турган сегиз жылда Ирандын бүт экономикалык инфраструктурасы жаңыланган эле. Анын реформалары (азыр кетип жаткан президент Мохамад Хаттаминин) реформисттик өкмөтүнүн түзүлүшүнө жол ачкан.

Надеринин ишениминде, Рафсанжани реформа пландарында ирандык консервативдүү чөйрөлөрдү ийге келтире алат. Бирок башка байкоочулар Рафсанажнинин Иран коомчулугунда нагыз демократиялык өзгөрүүгө түрткү болооруна көздөрү жетпейт. Башкалар анын Ирандын ичинде жана тыш жактарда диссиденттерди өлтүрүүгө катышы бар деп шектелип келатканын эскертишүүдө. Парижде жайгашкан Иранда Адам укуктарын коргоо Лигасынын президенти Абдолкарим Лажижи Рафсанжани адам укуктарынын коргоочусу катары белгилүү эмес экендигин эске салды.

Рафсанжани 1934-жылы мисте өстүргөн дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Иранда диний билим берүүнүн борбору болгон Ком шаарында динди окуган. Рафсанжани Ирандын эң бай адамдарынын бири деп саналат, бирок өзү муну моюнга алган эмес.

XS
SM
MD
LG