Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

АЛТЫ МАМЛЕКЕТ МАҢЗАТТАРДЫН СООДАСЫНА КАРШЫ БИРГЕ КҮРӨШӨТ


24-июнда Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттер кеңешинин кезектеги сессиясы өттү. Кыргызстандан бул отурумга президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев баштаган делегация катышты.

Уюмга төрагалык милдетти бул ирет Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевден Орусия президенти Владимир Путин өткөрүп алды. Сессия соңунда уюштурулган маалымат жыйынында Путиндин билдиргенине караганда, бул жолку жолугушуунун тыянагына мамлекет башчылар канааттанды. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун артыкчылыктуу багыттары катары төмөнкүлөр сакталып кала берет:

-Бул - жамааттык күчтөрдүн, аскерий күчтөрдүн, абадан коргонуу тармагынын биргелешип аракеттенүүсү, атайын аскерий техникаларды чыгаруу боюнча кызматташтык, экономикабыздын кооперациясы.

Орусия президенти атаган бул багыттар боюнча сессияда тиешелүү макулдашуулар кабыл алынды.
Мамлекет башчылардын белгилегендерине караганда, Жамааттык коопсуздук келишими уюму эл аралык аброюн бекемдеп бараткан жана аймактын коопсуздугун сактоого жөндөмдүү кубаттуу уюмга айланып баратат.

Уюм Бириккен Улуттар Уюмунун Ассамблеясында байкоочулук укукка ээ. Мындан тышкары ЕККУ, ШКУ тарабынан таанылган.

Отурумда уюмдун Борбор Азиядагы жана Ооганстандагы таасири башкы маселелердин бири катары талкууланды. Мамлекет башчылар Ооганстанды террорчуларды даярдоочу база катары калып жаткан, маңзаттар коркунучунун башатында турган өлкө катары белгилешти. Буга байланыштуу мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы күрөш боюнча атайын структура түзүүгө макулдашты.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев уюм Ооганстандан чыгуучу маңзаттар соода агымынын деңгээлин төмөндөтүү үчүн Жамааттык коопсуздук кызматташтык келишими уюмунун алкагында тартип коргоо тармактарынын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү зарыл деп эсептеди:

- Ириде бардык тартип коргоо системасынын макулдашылган натыйжалуу аракеттери керек. Биз наркосоодагерлерди өз аймагыбыщзда кармап, камоо менен анын кесепеттери менен гана күрөшүп атабыз. Бирок башаты Ооганстан экени эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан биз Ооганстандын өзүндө маңзаттарды жок кылуу үчүн бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек.

Орусия президенти Владимир Путиндин айтканына караганда, Жамааттык коопсуздук келишими уюму НАТО менен кызматташуу маселесин да көтөрүп жатат. Бул ириде уюмдун тынчтык орнотуучу күчтөрүн пайдалануу маселеси. Аталган маселе бүгүн Орусия президенти менен НАТОнун баш катчысынын ортосунда Москвада талкууланганы жатат. Мындай демилгени Кыргызстан толугу менен колдоого алат. Бул тууралуу кийинчерээк тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева мындай деди:

- ЖККУнун алкагында ошондой күчтөр да пайда болушу мүмкүн. Бул боюнча конкреттүү сөз болуп атат. Орусия, Украина, Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун операциясында катышып атабыз. ЖККУда ошондой күчтөр болсо биз бир формада, бирдей эрежеде ошондой даярдайбыз. Дүйнөдөгү курчуган жерлерге койгонго биздин күчүбүз, алыбыз болот.

Күн тартибине дагы бир олуттуу маселе катары кирген уюмга коркунуч туудурган террористтик жана экстремисттик уюмдардын тизмесин иретке келтирүү кийинкиге калды. Бул тууралуу Кеңештин төрагасынын орун басары Токтасын Бозыбаев билдирди:

-Бирдиктүү тизме түзүүнүн деңгээли башка. Бул - бардык алты мамлекеттин аймагында кандайдыр бир уюмдарды террористтик уюм катары таануу. Башкача айтканда бул биздин улуттук тизмени алмаштырбайт. Бирок бул бардык алты өлкөдө бирдей укуктук аракет аянтын түзөт.

Кыргызстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаковдун айтымында, Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мамлекет башчыларынын бул жолку чечимдери коопсуздукту сактоо жаатында Кыргызстандын кызыкчылыктарына төп келди:

- Эң негизгиси –Кыргызстандын коопсуздугун сактоо. Ушул өлкөлөр менен бирге өздөрүнүн аскерий тармактагы иштерин аткаруу, аларга жардам берүү кадрларды даярдоо жана башка маселелер абдан көп.

Белгилеп койчу жагы – Жамааттык кызматташтык келишими уюмунун курамына Кыргызстандан башка Орусия, Казакстан, Армения, Беларусь, Тажикстан кирет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG