Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

ӨКМӨТ АЗЫРЫНЧА ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫН БЕРБЕЙТ


Өткөн айда Кыргызстанга кире качкан өзбек качкындарынын ичинен 29 адам азырынча мекенине кайтарылбайт. Бул тууралуу 24-июнда Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучунун биринчи орун басары Таалай Кыдыров билдирди.

Өзбекстандын Кыргызстандагы качкындарынын айланасындагы маселе Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун 23-июнда эки өлкөнүн прокуратуралары текшергенден кийин Ош облустук ички иштер башкармасынын шектүү адамдар кармалчу жайына жиберилген 29 адам Өзбекстанга өткөрүлүп берилет деген билдирүүсүнөн кийин курчуп кетти.

Анда Башкы прокурор мындай деген эле:

-Аларды кармап отуруунун кажети жок. Себеби, алар ахрамаиддер. Алардын Оштогу СИЗОго да кол салышы мүмкүн. Булар куралданган кылмышкерлер. Кылмышкерлерин тезинен бериши керек, аны Минск конвенциясы талап кылат.

Буга БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан менен адам укуктары жана качкындар боюнча башкы комиссарларынын 23-июндагы билдирүүлөрү да кошумча болду.

Ал эми Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучунун биринчи орун басары Таалай Кыдыров 29 качкын азырынча Өзбекстанга берилбейт деп 24-июнда билдирди. Бирок анын баамында Башкы прокурордун өткөрүп беребиз деген билдирүүсүнө негиздер бар:

-Бекназаров укуктук жактан туура айтып жатат. Себеби, укуктук, үй-бүлөлүк маселелер боюнча укуктук жактан жардам берүү боюнча Минск макулдашуусуна кол койгонбуз. Андан тышкары Өзбекстан менен эки тараптуу макулдашуу жана Башкы прокуратуралар ортосунда да келишимдер бар. Ал ушул документтердин талабынан улам айтып жатат. Бирок качкындардын укугун коргоого милдеттендирген бир катар эл аралык конвенциялар да бар. Аларга ылайык бардык качкындар, анын ичинде 29 адамдын ким экендиги аныкталгандан кийин гана маселе чечилет.

Таалай Кыдыровдун билдирүүсү боюнча, Кыргыз өкмөтү эл аралык келишимдер талап кылган милдеттенменин экинчи баскычына киришти. Ага ылайык азыр 256 адамга жашоочу жер издеген адам деген деген күбөлүк берилип, 100дөн ашык адам сурамжылоодон өткөрүлдү. Булардын ичинде Өзбекстанга берилет деген 29 адамдын 12сининин түрмөдөн чыкканы аныкталды. 17 адамга Анжиян окуясын уюштурган деп кылмыш иши козголгону жана алардын арасында мурда да кылмыш жасагандары бар экендиги такталды. Бирок алар Өзбекстанга берилет деп айтуу азыр эртелик кылат дейт Таалай Кыдыров:

-Азыр бул жөнүндө айтуу эртелик кылат. Себеп дегенде интервью, өзбек тарап алып келген далилдер жана Качкындар боюнча башкы комиссарлыгы жүргүзгөн иликтөөнүн бардыгы бириктирилип, иликтенгенден кийин гана бир жыйынтык тууралуу айтууга болот .

Кыргызстандагы укук коргоочулар болсо качкындар кылмышкер болгон күндө да өткөрүп бербөөнү кыргыз бийлигинен талап кылып жатышат. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын айтымында, эгер качкындар берилсе кыйноого түшүп, тагдыры белгисиз бойдон калышы мүмкүн. Буга «Хьюман райтс уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Акейше Шильдстин 23-июнда буга чейин берилген 4 качкындын дайыны белгисиз деп кабатырлануусу далил.

Азиза Абдрасулова бул тууралуу мындай пикирде:

- Бул туура эмес кадам болуп калат. Себеби, буга чейин 4 качкынды да туура эмес кайтарып бергенбиз. Өзбекстан качкындарды кандай деп санаган күндө да ал адамдар өлүмдөн качып келишкен.

Укук коргоочунун айтымында, качкын маселесинен улам эки оттун ортосунда калган Кыргызстан качкындарды үчүнчү мамлекетке өткөрүп берип, туңгуюктан чыкса болот:

-Эл аралык уюмдарга «Биз кармай албайбыз, мүмкүнчүлүгүбүз жок, себеби кысым болуп жатат. Биз коңшубуз менен тынч жашашабыз керек» деп ачык эле айтып, үчүнчү мамлекетке өткөрүп беришибиз керек.

XS
SM
MD
LG