Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ДҮЙНӨ КООМЧУЛУГУНУН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ ӨТКӨРҮЛӨТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоого дүйнө жүзүндөгү 30 өлкөдөн байкоочулар келишет. Ошондой эле добуш берүү күнү шайлоого үч миңден ашуун жергиликтүү байкоочу көз салат. Жергиликтүү байкоочулардын айтымында, үгүт өнөктүгүнө чейинки мезгилде олуттуу мыйзам бузуулар орун алган жок.

Март ыңкылабынан кийин дүйнө коомчулугу Кыргызстанда президенттик шайлоонун кандай өтөөрүнө абдан кызыгышууда.

Талдоочулардын айтымында, ынкылаптан кийин Кыргызстанда чынында эле мурда болуп көрбөгөндөй адилеттүү шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү жана эгерде ошондой боло турган болсо, жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнө үлгү болоору шексиз.

Бул максатта 10-июлда өтүүчү шайлоого дүйнөдөгү отуз өлкөдөн миңден ашуун көз каранды эмес байкоочулар катышаары пландаштырылууда:

- Учурда Кыргызстанда байкоочулардын эки чоң тобу: ЕККУнун жана КМШ өлкөлөрүнөн келген миссия иш алып барууда. Шайлоого дүйнөдөгү 30 өлкөдөн байкоочулар катышат. КМШ өлкөлөрүнөн 250, ЕККУнан 700 байкоочу мындан сырткары көз каранды эмес байкоочулар келишет. Ошондой эле алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн 300 журналисттер катышат, - дейт Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Лидия Иманалиева.

Мындан сырткары президенттик шайлоого европалык байкоочулар түйүнүнөн 78 байкоочу келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган миссиянын жетекчиси Питер Новодный билдирди.

Ошондой эле президенттик шайлоого жергиликтүү үч миңден ашуун байкоочу катышат. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынан буга чейин узак мөөнөттүү 150 байкоочу иш алып барышты.

Бул тууралуу аталган уюмдун башчысы Эдил Байсалов мындай дейт :

- Биздин байкоочулар майдын башынан баштап иш алып барышты. Алар кол топтоо, шайлоочулардын тизмесин, шайлоо комиссиялардын курамын түзүү, талапкерлерди каттоо боюнча көзөмөл жүргүздү. Жалпысынан мурдагы шайлоолордон айырмаланып, одоно мыйзам бузуулар, административдик кийлигишүүлөр, мамлекеттик каражаттарды пайдалануу болгонун көргөн жокпуз. Бирок жер-жерлерде кээ бир чиновниктер өздөрүнүн демилгеси менен жогорку бийликке кошоматчылык кылуу үчүн кандайдыр бир аракеттерге барышты. Биз аларды убагында басууга аракет кылдык. Ага өкмөт тарабынан да тиешелүү чаралар көрүлдү.

Ошондой эле ал добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган баяндама (отчет) шайлоо өткөндөн кийин дароо кыргыз коомчулугуна жана эл аралык уюмдарга маалымдала тургандыгын кошумчалады.

Ошентип, президенттик шайлоо эл аралык коомчулуктун дыкат көзөмөлүндө өтө турганы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG