Тегеран. Ирандын расмий маалымат каражаттарынын маалымдашынча, Тегеран шаарынын акими, эскичил саясатчы Махмуд Ахмадинежад кечээ өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке ээ болду. Анын атаандашы, мурдагы президент Акбар Хашеми Рафсанжани 36 гана пайыздай добуш алса, Ахмадинежад үчүн шайлоочулардын дээрлик 62 пайыздайы добуш берген. Анын шайлоо өнөктүгүндөгү ураандарынын бири – мунайзаттан түшкөн кирешени адилет бөлүштүрүү болчу. Бул идея өлкөнүн жакыр аймактарынын тургундарынын купулуна толгону айтылууда.